Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Исаков: “Мектепте окшош форма кийгизем” дегендер – акча жеген адамдар”

Каныбек Исаков: “Мектепте окшош форма кийгизем” дегендер – акча жеген адамдар”

30-август, 23:47
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо, пандемия, мектеп ж.б. орчундуу маселелер – күндүн көйгөйү. Көздү ачып-жумгуча эле мектеп окуучуларынын жайкы каникулу аяктады. Мурунку жылдары ушул убакта ата-энелер мектепте окуган балдарына бирдиктүү форма издеп убара болуп, анын ичинен ар бир мектеп өз-өзүнчө униформага ылайыкташкан. Бүткүл дүйнөлүк пандемия бүт баарын өзгөрттү. Анын ичинде мектепке бара турган окуучулардын кийим-кечегине чейин жетти. Бул боюнча билим берүү министри Каныбек Исаков өз жообун айтты. 

«Бул жылы мектептерде бирдиктүү форма талап кылынбайт. Жыл сайын айрым мектеп директорлору тигүү цехтери менен байланышып алып, кандайдыр бир  кызыкчылыкты көздөгөн учурлар болгон. Бул боюнча ата-энелер тарабынан өтө көп кайрылуулар келген. Азыр эл кыйналып турса, анан кимдир бирөө бул жерден кызыкчылыкты көздөбөсүн (!) деп бирдиктүү форманы жокко чыгардык. Элдин турмушун, абалын эске алып, бул буйрукту чыгарсак да терс пикирлер болду. Ата-энелерден акча өндүрүш үчүн болгон бирдиктүү формадан быйылча баш тартып туралы. Мектепте коёндой окшош форма кийгизем дегендер – кызыкчылыкты көздөп, акча жеген адамдар. Болгону мектепке классикалык түрдө – асты кара, үстү ак кийинип келсе болот» деди министр. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер