Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Талибан” кыймылы аларга достук мамиледе болду деген өлкөлөрдү атады

“Талибан” кыймылы аларга достук мамиледе болду деген өлкөлөрдү атады

26-август, 10:44
1 661 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ооганстандын бүтүндөй аймагына ээлик кылган Талибан кыймылы аларга достук мамиледе болду деген өлкөлөрдү атады. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлү Мухаммед Наимге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

“Кытай биздин коңшубуз, биз бул өлкө менен жакшы мамиледебиз. Бул Россияга дагы тиешелүү” деген ал.

Мындан тышкары, Наимдин айтымында, талибдер Иран, Кытай, Пакистан жана Өзбекстан менен эзелки мамиледе жана бул өлкөлөр Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, талибдердин бийликке келгенине тынчсызданышпайт.

“Биз Ооганстанга коңшу өлкөлөр менен мамиле түзүп, ар дайым байланыштабыз жана алардын өнүгүшүн каалайбыз” деп кошумчалаган “Талибан” кыймылынын өкүлү.

Эскерте кетсек, “Талибан” кыймылы Кыргызстандын аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер