Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камила Талиева, ЖК депутаты: “Баткенде көмүрдүн баасы 15 миң сомго чыгып кеткенин айтышты”

Камила Талиева, ЖК депутаты: “Баткенде көмүрдүн баасы 15 миң сомго чыгып кеткенин айтышты”

01-январь, 12:42
414 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камила Абдыразаковна, ЖМКлардагы маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө эң кымбат көмүр Баткен облусунда экен. Депутат катары кызыгып көрдүңүзбү, мунун себеби эмнеде?

-- Биз округга байма-бай, дээрлик ай сайын эле барып атпайбызбы. Өткөн аптада да жума күнү кетип, демалыш күнү келдим. Мектептер ачылып, жакшы ийгиликтер болуп, элди жаңы жылы менен куттуктап келдим. Ошол барганда эл негизги көйгөйлөрдүн бири катары көмүр кымбаттыгын айтышты. “Айыл өкмөттөр аркылуу түрүнө жараша тоннасы 6-9 миңден болуп аткан. Эми 15 миңге чейин чыгып кетти” дешти. Кымбаттоого шарт түзгөн көп жагдайлар бар. Элдин байлыгынын үстүнө отуруп алган фирмалар көмүрдү негизсиз кымбаттатып ийишүүдө. Өткөн айда УКМКнын кызматкерлери көмүр казган кендерди аябай катуу текшерүүгө албадыбы, бул өтө керек, ушул жагынан күч түзүмдөрү жакшы иштеп жатышат. Анан жүйөлүү дагы бир себеби, негизи Сүлүктүдөн көмүр алып чыгууга өтө кыйын, тереңдеги жабык шахталардан казылат. Бир нече жолу кырсык болуп, шахтёрлорду көмүр басып калган учурлар болгон. Элдин арасында “көмүр кошуна өлкөлөргө ташылып кетип, ошонун натыйжасында кымбаттады” деген да пикирлер айтыла калууда. Айтор, мунун көп себептери бар. Биз бул маселени парламентте да тынбай коюп келатабыз. Турмуш шарты оор, жакыр үй-бүлөлөргө айыл өкмөттөрү аркылуу арзан көмүр жеткирүү маселеси бар...

-- Өткөн чек ара чыр-чатагында талкаланган үйлөр, социалдык объектилер канчалык калыбына келтирилди?

-- Көйгөйлөр негизинен чечилип калды. Мен Лейлек району боюнча айтсам, үйлөрү өрттөлүп, талкаланган кишилердин баары толук жаңы тамдарга киришти. Мамлекет толук бүтүрүп берди. Буга эл да ыраазы. Үйлөр баардык шарттары менен: кудум шаардагыдай, ысык суу, муздак суусу бар. Президент өзү барып ачты го, бул жагынан “бали!” дейсиң. Ал эми тонолгон үйлөр боюнча маселелер арбын. Компенсацияларын эки этап менен берди, бирок комиссия барганда жазылбай, тизмеге кирбей калган ондогон үй-бүлөлөр бар экен. Азыр ошолорду үчүнчү тизмеге киргизип, компенсация берүү жагын өкмөттөн суранып атам. Алардын үйлөрү чындыгында эле тонолгон.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер