Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан соң стресс абалда жүргөн кишилер таң эрте сейилдеп турушу керек

Коронавирустан соң стресс абалда жүргөн кишилер таң эрте сейилдеп турушу керек

18-август, 16:40
781 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адамдар өзгөчө азыркы коронавируска байланыштуу стресс абалда жашап жатканда, таза абада көбүрөөк сейилдеши керек. Бул өз убагында мелатонин гормонунун бөлүнүп чыгышын жөнгө салып, уйкуну калыбына келтирет. Ал эми керектүү өлчөмдө уктоо ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Ал иммунитетти көтөрүп, бетке бырыш түшүрбөй, бат картайып кетүүнүн алдын алат. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова “Sputnik-Кыргызстан” радиосуна маек куруп жатып билдирген.

Адам үчүн күндүн нуру абдан зарыл. Өзгөчө стресс абалда жүргөн кишилер таң эрте сейилдеп турушу керек. Бул бакыт гормондорунун бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Ал эми серотонин, же болбосо бакыт гормону, кечинде мелатонин, башкача айтканда, уйку гормондорунун бөлүнүүсүнө таасирин тийгизет. Демек, адам катуу уктап, жакшы эс алып, жыйынтыгында иммунитети көтөрүлөт. Мындан сырткары, убакыт-саатында уктоо өнөкөт баш оорунун пайда болушунун алдын алат. Териге бырыш түшүп, бат картайып кетүүгө жол бербейт. Андыктан, күнүнө беш сааттан кем эмес таза абада сейилдеп туруу зарыл. Ошону менен катар эле кечинде саат 22:00дөн кечиктирбей уктап, 7-8 сааттык уйку менен организмди камсыз кылуу талапка ылайык” деди Турсункулова.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер