Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоонун шайтан оюндары элди ажырымга, жакырчылык жарына такасачы?

Шайлоонун шайтан оюндары элди ажырымга, жакырчылык жарына такасачы?

16-август, 23:03
394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Парламенттик шайлоонун шарапаты менен күзгү дыйканчылык иштери, кышка даярдык көрүү машакаты солгундап калбайбы? Буга чейинки шайлоолордо өкмөтүбүз баш болуп, саясый азартка аралашып кетчү эле. Ансыз да экономикалык кризис, жакырчылык кыса баштаган жагдайдагы саясый кырдаалдын таасири күч болууда. Бул жагынан сиздин ой-пикириңиз кандай?” деген собол таштадык. Коомдук ишмерлер, саясый серепчилер, элибизге таанымал адамдар жооп беришти. 

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-- 30 жылдын ичинде мындай абалдар болгон, азыркынын айырмасы бул Covid-19дун таасири болуп жатпайбы. Дыйкандар 30 жыл бийликтин короздонгон мамилесин жакшы эле түшүндү. Бирок, дыйканчылык болобу, же бөлөк чарбачылык болобу, кампаны толтурмайнча жашоо болбостугун билишет. Бийликке, соодага ишенич болбойт. Шайлоо да саясатсыз болбойт. Анткени, башында саясый партиялар турат, анан кантип саясаттанбай коёт? Мына, “44 партия катталды” деп атышат, алардын үгүтү жана ал үгүткө берилгендер элди 44 тарапка бөлүшөт. Ынтымакка доо кетет, кызуу кандуу жигиттер кол салгандан баш тартпайт. Элди тамак-аш менен жабдуу, дары-дармектин баасын бир калыпта кармоо – мамлекеттин чечкиндүүлүгү. Элге боор тарткан саясатты жүргүзө албаса, байлыкка кызыккандар элди кууратып коёт. Чеке жылыткан саясат болбосо, көнгөн сөз кайра ооздон чыгат. “Кечтим байдын кызынан” дегендей, ачык тирешке алып келүүсү да мүмкүн.

Зайнидин Курманов, коомдук ишмер:

-- Парламенттик шайлоонун шарапаты менен күзгү дыйканчылык иштери, кышка даярдык көрүү машакаты, дагы-дагы толуп жаткан мамлекеттик маанидеги маселелер солгундап калышы мүмкүн. Анткен менен өкмөт “баары жайында болот, жылуулук менен камсыздайбыз, күзгү түшүм, оруп-жыйноо үзгүлтүккө учурабайт” деп саймедиреп келишет. Демек, бул маселелерди өз убагында оң жолго салып, жакшы натыйжада чечиши керек. Кеп ушунда болуп атат. Өкмөт аны чечеби же эмне болот? Баягы ТЭЦтегидей Атамбаев тамагы айрылгыча кыйкырып, “баары жайында, баары көзөмөлдө” деп атып, аягы эмне болду? Ал жагын элдин баары билет, кайталагым келбейт. ЖК депутаттары сентябрь айында каникулдан келери менен ушул маселени күн тартибине биринчи кезекте коюшу керек. Коронавирус илдети абалды оорлотуп турат. Эл жакырланды, акча каражаттары тартыш, жоготуулар токтой элек, баардыгынын сиркелери суу көтөрө албай турган чак. Бирөө күкүрт чагып ийсе, анын арты трагедияга айланып кетиши ыктымал. А өкмөтүбүз ушундай жат көрүнүштөр болуп кетпеш үчүн баардыгына даяр болуусу абзел...

Болуш Саиев, коомдук ишмер:

-- Шайлоо эмес эле “өлкөнү жайлоо” боло турган шекилдүү. Коомчулуктун суранычтары, сунуштары бийлик жагынан ойлонуп да, көңүлгө алынып да коюлбай турган кырдалдар түзүлүп калыптыр... Шайлоону да, кадрдык алмашууларды да токтотуп, президент институту, өкмөт коомчулукка, бизнес чөйрөсүнө, жалпы калкка реалдуу программаларын айтыш керек болчу. Алар: банк жана микрокредиттик системаларынын дыйкандарга, фермерлерге, кичи бизнеске жана жеке ишкерлерге реалдуу финансылык жардам; кышындагы энергетикалык муктаждыкты ийкемдүү чечүү; пандемиянын кеч күздө жана кышында күчөгөн этабына толук кандуу даярдык көрүү; азык-түлүк коопсуздук маселесине даярдыкты камсыздоо – булар эң негизги бизди алдыда күтүп турган маселелер жана кырдаалдар! 

Азыркы өкмөттүн түзүмү менен жана кадрлары менен президент канча какшабасын, маселени чечүүгө командасы алсыз. Жарым жылдан бери ЖМКлар аркылуу мамлекеттик бийликке “мамлекетти сактап калуу комитетин түзүш керек” деп айта берип жададым. Кыргызстанда официалдуу иштеп жаткан эл аралык институттарды жана программаларды тез арада күзгү иштерге салым кошууга багыттоо зарыл! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер