Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте 9 жашар бала изделүүдө
Бишкекте 9 жашар бала изделүүдө
23-декабрь, 09:12


Бишкекте 9 жаштагы Иса Чолпонбаев аттуу бала жоголуп кеткенин анын апасы социалдык тармактарга жазып, издөө жарыялады.
Өспүрүмдү акыркы жолу 22-декабрда, саат 11:50 чамасында “Айчүрөк” дүкөнүнүн жанындагы жер алдындагы өтмөктөн көрүшкөндүгүн айтышты.
Бала көк күрмө, боз топу жана көк өтүк кийип жүргөн экен.
Окуучунун кайда экенин билгендер болсо 0 (774) 99-17-05, 0 (707) 53-69-60 же 102 телефон номерлерине билдирип коюуну өтүнүшөт.
Aryba.kg