Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова, активист: “Президентибиздин сот системасын тазалап баштаганы коомчулук үчүн жагымдуу жаңылык”

Чынара Мамажакыпова, активист: “Президентибиздин сот системасын тазалап баштаганы коомчулук үчүн жагымдуу жаңылык”

29-ноябрь, 09:00
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, президент Садыр Жапаров ушул айдын башында кынтыксыз жүрүү талаптарын бузуп, жаманатты болгон бир катар судьяларды кызматтан алды. Кызматынан кол жууган соттор башкаларына сабак болобу?

-- Сабак болсо да, болбосо да мыйзам алдында соттордун жоопкерчилиги каралышы керек. “Мен сотмун” деп каалаган жармасын чала бербеши шарт. Карапайым элге мыйзам иштеп, анан сотторго келгенде мыйзам иштебей калганы туура эмес. Кыргызстанда 30 жылдан бери эле көпкөн катмардын бири ушул соттор экени талашсыз. Аны баарыбыз эле көрүп келе жатпайбызбы. Албетте, мамлекет башчынын чечими бирөөнө сабак болот, бирөөнө болбойт. Бирок президент Садыр Жапаровдун акыры сот системасына колу жетип, соттордун жүрүм-турумуна чейин чара көрүп атканын өтө жакшы иш катары баалайм. Анткени жакында эле өзүм да алдамчыларга акча каражатын алдатып ийип, күнөөлүү адам менен соттошууга туура келди. Аягында фактылар турса да, Свердлов райондук сотунун Санжар Чотонов аттуу судьясы кабагым-кашым дебей күнөөлүү адамды сот залынан эркиндикке бошотуп ийди. Мен бул ишке азыркыга чейин таңгалып, эсиме келе албай жүргөн учурум. Мына ушундай фактылар азыр сот системасында өтө көп. Ошондуктан президентибиздин сот системасын тазалап баштаганы мен үчүн жана коомчулук үчүн да жагымдуу жаңылык

-- Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков соттор кеңешине кеминде 28-30 судьяны кызматтан алуу сунушу каралып атканын айтты. Сот системасына чындап реформа башталдыбы?

-28-30 судья – бул аз. Сот системасындагы судьяларды орду-түбү менен алмаштыруу керек. Анткени коомчулук жакшы эле көрүп-билип калбадыкпы, коррупция же башка себептер менен кармалып иштен айдалган соттор бир нече убакыт өткөндөн кийин кайра эле судья болуп ишке орношуп алгандары толтура. Анан биз кантип сот системасы тазарды деп айтабыз? Ошондуктан сот системасынан булганып кеткен кадрларды кайра ордуна келгис кылып жоготуш керек. Алардын ордуна жаңы, жаш, мыйзам жана Кудай алдында абийирдүү адамдар келсе, ошолор эл үчүн, мамлекет үчүн таза иштеп беришет. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер