Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзинат Суранчиева: “Ошонун баарын жанагы менин байкуш жолдошум кылып келатыптыр...”

Гүлзинат Суранчиева: “Ошонун баарын жанагы менин байкуш жолдошум кылып келатыптыр...”

16-октябрь, 19:08
311 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Күздүн күркүрөп кирип келиши менен ырчы Гүлзинат Суранчиева эфирге чыгып, толкуп-ташып сүйлөп жатпайбы. Аны көргөн чыйрак опер чыйт түкүрүп, кытмыр күлгөнүн кара: “Бу артисттин эри Бишкек ШИИББ орун басары Рались Касанов да! Атын атабай тергеп жатканын карасаң...” дейт сынык кулагын ушалап. Анан баам салсак, Гүлзинат айым маегинде күйөөсү тууралуу шардана айтып бериптир. “Ырдан сөзгө” подкасттан үзүндү келтирели:

     -- Эркек кишинин орду үй-бүлөдү ушундай орчундуу экен! Буга чейин “мен эле кыйратып, мен эле чечип атам, мен эле таап атам” деп жүрүптүрмүн. Бирок азыркы тапта, акыркы беш жылда мага ушундай толук түшүнүк келди. Көрсө, чындап карап келгенде, ошонун баарын байкуш жанагы менин жолдошум кылып келатыптыр (каткырды)... Мен болгону көкөлөп асманда кыйын сүйлөп коюп, ойлой бериптирмин, “ошентип атыптырмын” деп. Эркек кишинин орду ушунчалык бийик экен, балдарың чоңойгондо аны жонтериң менен андан да терең сезесиң. Атанын орду өзгөчө, айымдын жашоосунда жолдошуң бар болгон чоң бакыт, ошон үчүн... Жана сиз айтып атпайсызбы “Ким башкарат?” деп. “Мен башкарам” деп ойлоп жүрүптүрмүн, а чынында чечимди жолдошум кылат экен. Албетте, ар кандай маселелер болгондо экөөбүз талкуулайбыз... Жолдошумдун биздин үй-бүлөлүк жашообузда ушунчалык эмгеги чоң экенин барктайм, өзүнүн бар турганын барктайм! Таянар тоом экенин толук кандуу айтам... Кандай майда бир нерседен чоң нерсеге чейин “момундай болуп атат, жардам бер” дегенде жанымда турган ошол киши... Ошон үчүн жолдошум эле башкарма болуп жүрө берсинчи (кайра каткырды)...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер