Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акзуура Бекерова: “Жашообузга туура келе турган тамак-аш сырларын үйрөтүп турам”

Акзуура Бекерова: “Жашообузга туура келе турган тамак-аш сырларын үйрөтүп турам”

02-март, 00:21
1 784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Социалдык баракчаларда тамак-аш жасоо боюнча рецепттерди үйрөтүп, кыз-келиндердин сүймөнчүгүнө айланган, жашоодо ар убак изденүүнү жактырган, ажарлуу айымдардын катарын толуктаган Акзуура Бекерова менен маек курдук.

-- Акзуура, социалдык баракчаларда тамак-аш жасоонун сырлары менен бөлүшүп турасың. Бул хоббиңби? Өзүң кандай иштер менен алектенесиң?

-- Алгач өзүм тууралуу токтоло кетсем, Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында төрөлүп чоңойгом. Учурда 27 жаштамын. Үч баланын апасымын. Жеке бизнес кылам, соода борборлорунда дүкөндөрүм бар. Ошол жакта иштейм. Андан сырткары, хобби катары Инстаграмда айымдарга тамак-аш боюнча пайдалуу кеңештерди жазып, башкаларга керектүү рецепттерди бөлүшкөнгө аракет кылам. Ашканага кичинемден эле кызыгам. Тамак-ашты, салаттарды түрлөп жасап, ашканага тың болгум келет. Ар кандай интернет тармактарын изилдеп, биздин жашоо турмушка туура келген, өзгөчө фантазия менен тамактарды жасап, кыргыз айымдары менен бөлүшүп турам. 

-- Үй-бүлөң кайсы тамагыңды тамшануу менен суранып жасатышат?

-- Үй-бүлөм мен жасаган баардык тамактарды жакшы көрүшөт. Ар күнү ар түрдүү, табиттерине жакчудай тамак-аш жасоого аракеттенем.

-- Жоолукка да абдан маани берип, салынуу жолдорун үйрөтүп жүрөсүң. Жоолук айымдар үчүн, анын ичинде сен үчүн кандай буюм?

-- Айымдар үчүн жоолук абдан маанилүү баш кийим. “Буюрса жоолук салынам” деген жакшы ниеттерим бар. Жоолуктар дүйнөсү мен үчүн өтө баалуу. Бирөөгө белек берсем да жоолук белек кылам. Белек катары жоолук алганды да жактырам. “Жоолугуң канчалык бийик турса, баркың да ошончо бийик турат” дегендей, жоолуктарды коллекциялайм. Башкаларга үлгү катары көрүнгүм келет. Мисалы, Инстаграм баракчаларына кыздар, айымдар түрдүү сүрөткө түшүп жүктөй беришет. Аны көргөн жаш муун “биз деле ушундай жүрүшүбүз керек экен” деген ойдо калышат. Жоолук салынуунун түрүн, тамак-аштардын жасалышын үйрөтүп жатсам, менин да кеңештерим жакшы жолго салып, жоолукту көпчүлүк айымдар баалай билгенди үйрөнөт. 

Жакында тамак-аш жасоо жана жоолук коллекциялары боюнча мастер-класс   өткөрүп баштадым. Ушул иштеримди курска айландырып, ар бир үй-бүлөдөгү кыз-келиндердин жашоо турмушунун өзгөрүшүнө салым кошом. Белгилей кетчү нерсе, кулинария курстарын акысыз өткөрөм. 3-март күнү Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы менен биргеликте аялдарды зомбулуктан сактоо, коргоо боюнча семинар өткөрүп, андан соң тамак-аш боюнча мастер-класска көңүл коём...


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер