Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анарбек Алыбаев: “Тестирлөөдө баягы эле “кыргызчылык”, коррупциялык схемалар күч”

Анарбек Алыбаев: “Тестирлөөдө баягы эле “кыргызчылык”, коррупциялык схемалар күч”

20-июнь, 21:48
1 119 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин математика жана информатика факультетинин мугалими, физика-математика илиминин кандидаты, доцент Анарбек Алыбаев мырза менен ЖРТ (жалпы республикалык тестирлөө) тууралуу ой калчадык. Өзүңүздөр билгендей, жакында ЖРТ иш-чарасы өтөт. Мына ушу боюнча анын күмөн жараткан жагдайына гана токтолдук.

-- Анарбек мырза, ЖРТ иш-чарасы кандай шартта өтөт, кепти ушундан баштасак?

-- Жыл сайын июнь айында башталат. Быйыл билишимче, 20-июнь биринчи этабы. Апрель-майда “ким катышат?” деген таризде каттоо жүргүзүлөт. Буга быйылкы мектепти бүтүп аткандар, мурунку жылдары кандайдыр бир шартта катышпай же катышып, алган баллдары жетпей калгандардын баары каттоодон өтсө болот. Атайын алдын ала жүздөн ашык тестирлөө борборлору даярдалат. Тестирлөө күнү компьютер менен жабдылган ар бир кабинетке 30-40 бала киргизилип, эки (математика, тил) предметтен, ар биринен 60 суроого, жалпы 120 суроого жооп берет. Төрт сааттын ичинде 120 суроого жооп берүүнүн өзү абитуриенттер үчүн өтө оор да. Вундеркинддер эле 240 балл албаса, мектепти жаңы бүтүп келгендер үчүн жанагы босого (пороговый) баллдан (болжол менен 110) аша албай калышы да мүмкүн. Ошону менен бирге жогорку билим алуу укугунан ажырап калып атат. Муну эмнеге айтып атам? Бизде министрлик “босого баллдан өткөндөр гана ЖОЖго тапшырууга укуктуу” деп чечим чыгарып койгон. 

-- Айтсаңыз, тестирлөө шарты абитуриенттердин толук мүмкүнчүлүгүн ача алабы же?..

-- Кептин баары ошондо болуп атат да. Бул жерде канча бир абитуриенттин укугу тебеленип атат десек болот. Эмнеге дегенде, кээ бирөөлөр жеткиликтүү даярдана албай калган, бирөөнүкү эс-тутуму начар, баарын эстеп кала албайт, орто даярдыктары бар. Менин жеке пикиримде, бир предметтен 60, дагы бир предметтен 60 суроону 3-4 сааттын ичинде жооп берүү өзү туура эмес. Тапшырып аткандарды кыйнап эле эмес, зордоп койгондой түр калтырып, абитуриенттердин толук мүмкүнчүлүгү ачылбай калып атат.

-- Сиздин оюңузча дагы кандай кылса болот эле?

-- Эл арасында көп болом. Өзгөчө айыл жергесине барып калганда, азыркы ЖРТ шартын көпчүлүгү түшүнө беришпейт. ЖОЖго тапшырганга өтө дилгирленип барган айылдыктар босого баллга жетпей калганын билгенден кийин шаабайлары сууп, көңүлдөрү чөгөт. “Окуу жайга өтүп кетсем, билим алсам” деген балдарга дагы бир мүмкүнчүлүк берип, мүмкүн илгерки СССР тушундагыдай эле экзамен алып, мугалим менен маңдай-тескей баарлашып, жакындан пикир алышса болбойбу (?) дейт элем. 

-- Тестирлөөнүн жыйынтыгы ошол эле саат, мүнөттө чыкпай, бир айга жакын убакытта чыгып атканына кандай карайсыз? Кантсе да илим-билим, техниканын жетишкен заманында бул көрүнүш сизге күмөн жаратпайбы?

-- Сөзсүз күмөн жаратат. Туура айтасыз, техниканын өнүккөн заманында сиз белгилегендей ошол эле замат, көз ирмемде, компьютердин бир баскычын басканда эле жыйынтыгын чыгарып, канча балл алганын абитуриенттин өзүнө көргөзүп койсо болот эле да. А бизде андай болбой атат. Үч-төрт жумадан кийин гана жыйынтыгын чыгарып жатат. 

-- Эмнеге, себеби барбы?

-- Менимче, бул жерде баягы эле “кыргызчылык”, баягы эле коррупциялык схемалар жыттанып жаткансыйт. Пара берип баллды жогорулатуу, бюджетке окууга өткөзүү амалы. Мына ушундай жат көрүнүштөрдү жасаш үчүн убакыт керек. Ошон үчүн тестирлөөнүн жыйынтыгы бир айга созулуп аткан себеби ушундабы (?) деп коём. Анан эле “тиги бала менден начар окучу, эч нерсе билчү эмес, бирок жогорку балл алды. Эмнеге меники төмөн болуп калды?” деген нааразычылыктар пайда болуп атат. Эми ток этерин айтайын, ошо ЖРТнын жыйынтыгы абитуриенттер тапшырар замат эле чыкса дейм. Антпесе, баягы эле таз кейпибизди кийген бойдон кала беребиз. Алдыга жылбайбыз, артты көздөй зуулдаган бойдон кете беребиз...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер