Индия–Кытай тирешинен Индиянын 20 жоокери каза болду
Индиянын Ладакх провинциясындагы Кытай менен болгон чек арада эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен Индиянын 20 аскери каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 16-июнга караган түнү болгон. Жаңжал болуп жаткан аймакта эч кандай ок атылган эмес. Индиялык жоокерлерди “сабап өлтүрүшкөн” деген божомолдор бар. Бирок, бул версия расмий тастыктала элек. Ошол эле учурда индиялык басылмалар эки тарап тең жоготууларга учураганын, бирок Кытай армиясы өз аскерлеринин курман болгондугун тастыктай электигин жазып чыгышты.
Азыркы учурда эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин өкүлдөрү чыңалууну басаңдатуу максатында жыйын өткөрүп жатышат. Ал эми Кытай тарап Индияны “мамлекеттик чек араны бузду” деп айыптады.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Индия менен Кытайдын ортосунда тирешүү күчөп жатканын жана аларга арача болууга даяр экенин айткан. Өз кезегинде Орусия бул жаңжалга киришпей тургандыгын билдирген.