Акыркы кабарлар
» Коом » Рак илдетине чалдыккан адам вирустан каза болду
Рак илдетине чалдыккан адам вирустан каза болду
16-июнь, 12:26
641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ош облустук биргелешкен ооруканасында кандын залалдуу шишик дарты менен ооруган сузактык тургун коронавирус жуктуруп алып кайтыш болду. Маркум 53 жаштагы эркек киши.
Маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
"Сузак районунун тургуну кандын рагы менен жабыркап, Ош облусундагы ооруканада дарыланып жатканда коронавирус жуктуруп алган. Вирус бейтаптын рак илдетин курчутуп, ал каза болуп калды" деди Үсөнбаев.
Маркум өлкөдө коронавирустан каза болгондордун тизмесине кирбейт.