Акыркы кабарлар
» Коом » “Айгеримдин күйөөсү...” дебей Азамат Аттокуров деп таанып жүргүлө!
“Айгеримдин күйөөсү...” дебей Азамат Аттокуров деп таанып жүргүлө!
05-октябрь, 18:13


Кызык эле... ГУУРдун орун басары Азамат Аттокуров боюнча ИИМдин ичинде ар кандай кептер козуй баштаптыр. Биздин маалымат боюнча, ал түз жүргөн, жумушун көрсөтүүгө аракет кылган, алдыга умтулган жигит катары аракеттенет экен. Бирок, кыйкым издегендер чыгууда...
Ошол эле ГУУРдун бөлүм башчылары, оперлери шакаба кылышканы кандай? “Айгеримдин күйөөсү чакырып атат... Ошол жактан чыктым... Айгеримдин күйөөсүнө баратам...” деп айтып жатышканын кантебиз? Азамат Аттокуров аттуу жакшынакай ысымы турса, эмнеге Айгеримди чаптай беришет? ИИМ орун басары Нурбек Такабаевичке ушул маалымат жетсе, куудул чалыш оперлерди тарбиялап, түздөп койсо керек. Негизи жетекчинин артынан ар кандай сөз айтпай, сый мамиле жасаганды үйрөнүш не?..











