Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миталип Мамытов: “Садыр Жапаров акылдуу жигит. Болушунча жакшы иштерди кылууда”

Миталип Мамытов: “Садыр Жапаров акылдуу жигит. Болушунча жакшы иштерди кылууда”

06-май, 09:00
455 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Миталип ага, бүгүнкү күндө кайсы көйгөйлөр жүрөгүңүздү оорутуп турат?

-- Элибиздин арасында “экология мысли, экология души” мени тынчсыздандырат. “Адамзаттын жандүйнөсү жакшы болсо экен, элибиздин ички дүйнөсү тазаланса экен” деген ойлор түпөйүл кылат. Президенттин “инсандык адеп-ахлакты оңдош керек” деген жарлыгы жакшы нукта жүрбөй калгандай. Ушу жагынан маселелер жакшы жолго коюлса, коомубуз өзгөрөт эле. Экинчи көйгөй – илгери, союз убагында элдин баарын бекер дарылай турган чечим болгон. Коңшу Өзбекстанда, Казакстанда, Россияда, Түркияда бул жаатта иштер кызуу жүрүп жатат. Бизде бул нерсе жок. Эл кыйналууда. Бизде пенсионерлердин маянасы көтөрүлгөнү менен кымбатчылык жууп кетүүдө. Өкмөт элди камсыздандыруу жагы менен башка альтернативалык жолдорду таап, бекер дарылай турган жагын карап көрүшсө дейт элем. Дагы бир жолу айтам, башка өлкөлөрдө, ошол эле Беларуста бул иштер алдыга жылууда. 

-- Президентке учурда кандай кеңеш айтат элеңиз?

-- Садыр Жапаров өзү акылдуу жигит. Болушунча жакшы иштерди кылууда, бу жагында кеп жок. Жанына ишеничтүү, тандалма адамдардан куралган, эң ириде элдин кызыкчылыгын жогору койгон, патриоттук сезим жүрөгүнүн түпкүрүндө орногон, бузуку иштерден оолак болгон мыкты азаматтардан турган команданы топтосо, өлкө оңолот эле. Ооба, андай иштер жүрүп жатканы байкалат. Дагы да профессионалдарды тартуу керек. Жанагы “мен шайлоосунда, тигинисинде колдодум эле” деген майда-барат адамдар менен эмес, иштин көзүн билгендерди көтөрсө. Алдым-жуттум, саткын, жарга түртүп ийип өзү таза чыга калган, артында калбыры бар адамдарды жанына жолотпой, жүрөктөрү таза жигиттер менен иш алпарса демекчимин.  

-- Айт күндөрү кайда болдуңуз?

-- Момун мусулмандардын эң чоң майрамы – бул Айт. Кичи мекеним Ноокатка жол тартып, үч күн ошол жакта болдум. Эл аралап, тууганчылык алаканы жаңылап, жашоо-турмушуна аралашып, Куран түшүрө турган жерлерге бардым. Эң негизгиси, бул майрамды эл менен бирге айтташ керек.


 Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер