Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, энергетика боюнча эксперт: “Кышында электр жарыгын өчүрүү жана чектөөлөр коркунучу бар”

Расул Умбеталиев, энергетика боюнча эксперт: “Кышында электр жарыгын өчүрүү жана чектөөлөр коркунучу бар”

14-ноябрь, 19:30
515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Канча маалыматтар айтылып, убадалар берилбесин, энергетика тармагынын бүгүнкү абалы, кыштан чыгуу маселеси көйгөй болуп турат...

-- Үстүбүздөгү жылдын 1-августунда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. 

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу суунун деңгээли азайды. Токтогул суу сактагычында суу дээрлик эки миллиард кубометрге аз. Кышка даярдыктын негизги көрсөткүчтөрү болуп Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү саналат. Жакшы шартта бул көлөм болжол менен 17-18 миллиард куб/метрди түзүшү керек. Баарыбыз көрүп тургандай, бүгүнкү күндө ал жакта 12 млрд. куб/метр гана суу бар.

Энергетика министрлигинин өкүлдөрү буга чейин электр энергиясынын таңкыстыгы үч жылга жакын болорун моюнга алышкан. Ошентип, өкмөт электр энергиясынын жетишсиздиги пайда болорун да эскерткен. Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстан электр энергиясын таза импорттоочу мамлекетке айланды. Бул Кыргызстанда эң терең кризис башталганынан кабар берет. Бул жерде маселеге комплекстүү мамиле кылышыбыз керек. Мисалы, кыш айларында Казакстан менен Өзбекстанда да электр энергиясы үч-төрт миллиард киловаттка чейин тартышАндыктан Өзбекстан да, Казакстан да калкын электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга кызыкдар.

Айтылгандардын бардыгынын фонунда электр жарыгын өчүрүү жана чектөөлөр коркунучу бар. Андыктан кычыраган кыш айларына учурда катуу камынып алганыбыз дурус. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер