Коомдук өнүгүүгө шайкеш келбеген бийликтен тажадык!

Тажадым адилетсиз чоңдордон,
Тажадым элимди көрүп кор болгон.
Тажадым тосулбаган чек арадан
Тажадым элимди көрүп ачка калган, - деп соцтармактарда элдин көйгөйлөрүн көтөргөн флешмоб жүрүп турган учур. Биз дагы айрым адамдарга “эмнеден тажадыңыз?” деген сурообузду узаттык.
Темир Бирназаров, режиссер:
-- Элдин баары карантинден катуу тажады. Мен, тескерисинче, эс алдым. Ызы-чуу жок болду. Ашыкча аш-тойлор азайып, убактымды китеп окуганга, чыгармачылыкка бурдум...
Аскер Сакыбаева, журналист:
-- Мен коомдук өнүгүүгө шайкеш келбеген бийликтен; колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай, убакыттан уттуруп жаткандан; мамлекетти сактап калууну ойлогон мекенчил адамдарды бийликке жолотпой, бийликтеги адамдар жеке тынчтыгын, жеке бийлигин гана ойлоп отургандыгынан; ушунчалык мыкты калкы, дүйнөдө көп өлкөлөр суктана турган жаратылышы бар өлкөдө жашап, андагы бир кочуш болгон элдин жакыр жашап жатканынан; билимдүү жаштарыбыз өз мекенине кайтып келишип, кесиби менен иштей албай жатканынан; өнүгүүгө жарык чачкан шоола азайып, диний радикализм курчап келе жатканынан; көп замандаштарыбыздын вирусту тоготпогон кенебестигинен, натыйжада медицина тармагына түшкөн кыйынчылыктарды көрүүдөн; санаага салган балдарыбыздын келечегинен; жеке өзүмдүн жалкоолугумдан, алдыга койгон пландарымды аткара албай жатканымдан тажадым!
"Азия Ньюс" гезити