Акыркы кабарлар
» Коом » Мукар Чолпонбаевди акыркы сапарга узатууга Жумабеков, Эсеналиев катышты
Мукар Чолпонбаевди акыркы сапарга узатууга Жумабеков, Эсеналиев катышты
25-май, 13:39
621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌25-майда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев акыркы сапарга узатылды. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары, достору, кесиптештери, анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, саламаттыкты сактоо министри келди.
Мукар Чолпонбаев 24-майда республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус инфекциясынан каза болду. Ал ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кечээ 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан каза тапты.
Мукар Чолпонбаев 1993-1995-жылдары Кыргызстандын юстиция министри болуп иштеген. 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы, ал эми 2000-жылга чейин парламенттин депутаты болгон. 2017-жылы өткөн шайлоодо Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер болгон.