Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдимиталип Халматов: “Омикрон” өтө жугуштуу болгондуктан, саламаттык сактоо тармагына кыйынчылык туудурат”

Абдимиталип Халматов: “Омикрон” өтө жугуштуу болгондуктан, саламаттык сактоо тармагына кыйынчылык туудурат”

22-январь, 09:00
2 258 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты менен маек.

-- “Омикрон” штаммы тууралуу сиз кандай пикирдесиз? Коронавирустан айырмачылыктары барбы?

-- “Омикрон” штаммы (SARS-Cov-2 Omicron, B.I. I. 529) – бул коронавирустун мутацияга (өзгөрүүгө) кабылган түрү болуп эсептелет. Айырмачылыгы: коронавируска караганда 4-5 эсеге тез жугат. Ал эми оорунун күчүнө токтолсок, вирустун жеңил формасы. Тез жугуштуу болгондуктан бул вирус менен көпчүлүк адамдар ооруп, саламаттык сактоо тармактарына кыйынчылык туудурат.

-- Өзгөчө айырмаланган кандай белгилерге ээ?

-- Симптомдору сезондук грипп оорусуна окшош: дене табың көтөрүлүп, баш ооруйт. Тамак кычышып, кургак жөтөл пайда болот, көкүрөк ооруйт, жүрөк ылдам сого баштайт (1 мүнөттө 110-120га чейин), алың кетет.  Бирок, вирус жеңил формада болгондуктан, бейтаптар үй шартында 2-3 күн дарылануусу сунушталат. Дарылардан: парацетамол же ибупрофен, антигриппин, аспирин таблеткаларын колдонуу жетиштүү. Эгерде абал жакшы болбосо, анда антибиотик кошуу зарылдыгы бар. Өнөкөт оорулары (кант диабети, инфаркт, инсульт, кан басым ж.б.) бар бейтаптар жана жашы улуу адамдар ооруп калса, албетте, үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылуусу зарыл.

-- Элге кандай кеңештериңиз бар?

-- Жарандарыбызга дагы бир жолу эскертип кетерибиз: социалдык аралыкты сактоо, колду самындап жууп туруу, беткап тагынуу, антисептик колдонуу, кеңсе жана жашаган үйдү 3-5 мүнөткө (кышында) терезелерди ачып желдетип туруу, таза абада сейилдөө өтө зарыл.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер