Расул Умбеталиев, эксперт: “Кышында свет 5-6 саатка, же узак мөөнөткө өчүшү мүмкүн”


-- Расул мырза, энергетика жагын жакшы билген адам катары айтсаңыз, кышка даярдыктар кандай?
-- Эң манилүүсү – бул Токтогул суу сактагычтагы суунун көлөмү. Бүгүн ал жерде болгону 11 миллиард 837 миллион куб суу топтолгон. Бул көлөм өтө аз жана кышка даярдык эң төмөн деп эсептелет. Күз-кыш мезгилине жок дегенде 16-17 миллиард куб суу болуш керек эле. Аны энергетика министрлиги жана улуттук “Энергохолдинг” ишканасы жай мезгилинде сууну Токтогул суу сактагычтан үнөмдөй алышпады. Суунун агымы секундасына 380-460 куб/метрди түзүп жаткан. Суунун көлөмүн ашыгы менен “Өзбекстан жана Казакстанга электр энергия чыгарылып жатат” деген шылтоо менен агызып жиберишти. Ошол эле учурда бийлик, энергетика министрлиги жана улуттук “Энергохолдинг” майнинге уруксат берип, ал майнинг ишканалар көптөгөн электр жарыгын колдонуп жатышты, буга да ашыкча суу агызылып турду. Сууну эң туура жана сарамжал кылып колдонсок, 1-октябрга карата 14 миллиард куб суу топтоп алсак болмок.
Ал эми оңдоо-түзөө иштери да толугу менен жүргүзүлбөдү. Эми энергетика министрлиги менен улуттук “Энергохолдинг” ачык эле айтып жатышат, “кыш мезгилине бизге 3 миллиард кВт/саат жетишсиз болот. Жетишпеген электр энергияны биз коңшу мамлекеттерден алабыз” деп. Өзбекстан менен Казакстанда кышында 3-4 миллиард кВт/саат дефицит, жетишсиздик бар, алар көп көлөмдө бералбайт. “Түркмөнстан менен Россиядан сатып алабыз” деген күндө деле кыш мезгилинде толугу менен келбей калышы мүмкүн. Себеби, Түркмөнстандын электр энергиясы бизге Өзбекстан аркылуу келет. Ал эми Россияныкы болсо Казакстан аркылуу келет. Алар электр энергияны кышында Кыргызстанга өткөзгөнгө шарты болбой калса кантебиз? Шорубуз кайнайт да...
-- Маал-маалы менен өчүрүүлөр болот экен да...
-- Азыртан эле энергетика министрлиги жарыя кылып жатат, “эгерде электр энергиянын пайдалуу көлөмү лимиттен ашып кетсе, өчүрүүлөр 1-2 саатка болот” деп. Кандай болгон күндө да өчүрүүлөр маал-маалы менен 1-2 саат эмес, 5-6 саат жана узак мөөнөткө болушу мүмкүн.
-- Электр жарыгына болгон тариф жакынкы арада көтөрүлбөйбү?
-- “Тарифти көтөрүш керек!” деп министрлер кабинети, энергетика министрлиги, улуттук “Энергохолдинг” байма-бай айтып жатышат. Быйыл болбосо эмдиги жылы тарифти көтөргөнгө аракет кылышат. Бирок, тарифти көтөрөр алдында пенсия, пособие, бюджеттик ишканалардын кызматкерлеринин айлыктарын индексация кылуу абзел. Бирок, тариф көтөргөндө эч кандай жакшы жыйынтык, натыйжа болбойт, ошол көлөмгө, деңгээлге жараша коррупция өсөт.
-- Анда эмне кылуу керек?
-- Биринчиден, мамлекет башкаруу системасын өзгөртүүсү абзел. Улуттук “Энергохолдинг” менен жаңы түзүлгөн ГЭС курулуш дирекцияны жоюш керек. Энергетика министрлиги түздөн-түз энергокомпаниялар менен башкаруусу шарт. Мамлекет сатып алуу иштерин ачык-айкын өткөзүп, коммерциялык жана техникалык жоготууларды азайтып, суу-энергетикалык ресурсту туура пайдаланып, энергокомпаниялардын башкаруу структурасын өзгөртүп, штатты кыскартып, ашыкча финансылык чыгымдарга тыюу салып, жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатып, талаптарды күчөтүү зарыл.
-- Соңку суроо: Бишкек ЖЭБ 600 мВт энергия бере алабы?
-- Бишкек ЖЭБ 600 мВт бералбайт, ал болгону 380-460 мВт электр энергияны чыгарышы мүмкүн...











