Абдыганы Эркебаев, академик: Мен Америкада, Венгрияда болгонумда ынангам

Эгемендик жылдары бизде жаңы пайда болуп, кеңири колдонулуп келаткан түшүнүктөрдүн бири – жарандык коом. Ал качан жаралган? Тарыхы кандай? Мен билгенден, илимде бул маселе боюнча азырынча эки башка пикир бар. Биринчиси, америкалык профессорлор Джин Коэн менен Эндрю Аратонун “Жарандык коом жана саясат теориясы” аттуу омоктуу (фундаменталдуу) эмгегине (49 басма табак) таандык. Ал биринчи ирет англис тилинде 1992-жылы АКШда жана Англияда басылып чыккан. 2003-жылы Россияда которулган. Жалпы эле Батыш илиминде бул багыттагы алгачкы “эң терең жана көп тараптуу талдоо” деп аталган. Мында жарандык коомдун маңызы, мазмуну, табияты, ага кирүүчү түрдүү көрүнүштөр аларды чечмелеп түшүндүргөн ар кайсы теориялар жана авторлордун өздөрүнүн жеке көз караштары жөнүндө баяндалган.
Европанын жана Латын Америкасынын материалына негизделген изилдөөнүн авторлорунун ою боюнча жарандык коом – мамлекет жана экономикадан тышкары теги алар менен тыгыз өз ара байланышкан коомдук жана жеке уюмдардын жыйындысы, ырааты. Ал негизинен Батышка мүнөздүү кубулуш (феномен). Анын бүчүрлөрү алгач орто кылымдарда пайда болуп, капитализм убагында өрчүп-өнүгөт. Бул кубулушту убагында шотландиялык философ А.Фергюсон (XVIII кылым) андан соң немецтер Ф.Гегель, К.Маркс (XIX кылым), XX кылымдын көрүнүктүү ойчулдары А.Грамши, А.Ренд, К.Шмидт, Ю.Хабермас, Г.Парсонс, М.Фуко жана башкалар ар кайсы каптал-кырынан изилдеп түшүндүрүшкөн. Мен алардын орусчага которулган эмгектери менен тааныштыгым бар.
Экинчи көз караш орус окумуштууларынын дүйнөлүк тажрыйбага жана Россиянын маселелерине арналган “Жарандык коом” деген китебинде (1998) ырааттуу жүргүзүлгөн. Ал дагы бул темага кызыккан орус илиминдеги биринчи эмгек. Мунун айырмачылыгы – маселени тар, бир жактуу карабай (карандай Батыш менен чектелбей), Индия, Япония, ислам, Латын Америка өлкөлөрү менен байланышты камтып, көбүнчө Россиянын тарыхына жана азыркысына көңүл бурат. Иликтөөгө алган чөйрөсү кенен: ишкердик, саясый партиялар, профсоюз, дин, армия, бейөкмөт уюмдар, этникалык-улуттук уюмдар, кылмыш топтору жана башкалар. Бул көз караш мага жакын, колдоого аларлык.
Эми өзүбүзгө – Кыргызстанга өтөйүн. Менимче, Совет мезгилине чейин эле жарандык коомдун айрым жышааналары, белгилери болгон. Алар адамдардын чарбалык иште жана тиричиликте жамандык-жакшылыкта өз ара көмөктөшүүсү (ашар, кайрымдуулук, соопкерчилик ж.б.) согуш учурунда жардамга келишет. Бирок булар уюмдашкан, ыраатка (системага) келтирилген мүнөзгө өткөн эмес.
Россия империясынын карамагына киргенден кийин алгачкы агартуу-маданий жана саясый тейдеги аракеттер болгон. Совет доорунда большевиктик коргоо ДОСААВ (кийин коммунисттик) партия, комсомол, пионер, профсоюз (ДОСААФ) кооперация уюмдары чарбачылык жана чыгармачылык бирикме кошуундары түзүлүп, алар төмөндөн жогору карай (вертикал боюнча) борборго – Москвага баш ийген, ал жактан келген чечим-буйруктарды кыйшаюусуз аткарган. Демек, уюмдашүү, түзүмдөшүү формалдуу гана жүргөн.
М.Горбачовдун кайра куруу жана демократташуу учурунда коомдук ойгонуу, жандануу башталып, алгачы демилгелер жана аракеттер жасалган. Буга адегенде тарыхыбызды, тилибизди, адабий мурасыбызды (М.Кылыч, К.Тыныстанов) кайра кароо, анан экономикалык өз алдынчалыкка умтулуу, үйсүз-жайсыз жаштарга жер берүү талаптары (“Ашар” козголушу), саясый азаттыкка жетишүү максаттары (КДК) айкын күбө. Ошол мезгилдин аяк жагында алгачкы саясый партиялар (“Эркин Кыргызстан” сыяктуу) көз жарды, улуттук-маданий борборлор жана бирикмелер пайда болду. Бирок бул жараян борбордук Россия, Украина, Молдова, Кавказга айрыкча Прибалтикага жана коңшулаш республикаларга караганда өтө жай жүргөндүктөн, бизди “белгисиз республика” деп аташкан. Мен ошондой аталыштагы чакан китепченин (брошюра) автору В.Пономарев менен жолугуп, маектешкен учурум болгон. Ал өткөөл мезгилдин негизги каармандары интеллигенция өкүлдөрү Т.Тургуналиев, К.Кененбаева, К.Акматов, Ж.Жекшеев, К.Исаев, М.Эшимканов, Б.Талгарбеков жана башкалар болчу. Алардын арасында өзүм да бар элем. Бул жөнүндө “Азаттыктын азаптуу жолу. Тернистый путь независимости” деген китебинде (2018) жазгам.
Ошентип, Кудай колдоп, өзүбүз да аракет кылып, 1990-жылы эрктүүлүк (суверенитет) 1991-жылы көз карандысыздык жөнүндө декларация жарыяладык. Ошондон тарта эркин басма сөз, саясый партиялар, коомдук уюмдар козу карындай болуп көз жарды. Ошондо 1991-жылы республиканын алгачкы басма сөз жана маалымат министри катары “Асаба”, “Аалам”, “Республика” гезирттерин юридикалык каттоодон өткөргөм, “Кыргыз Руху” гезитин түптөөгө катышкам, 1992-1993-жылдары вице-премьер-министр болуп турганымда ал гезиттерди колдогом. Басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү биринчи (азыр да колдонуп жаткан) мыйзам ошол учурда түздөн-түз менин катышуум менен даярдалган жана Жогорку Кеңештен өткөрүлгөн. Андан бери мына отуз жылдан ашык убакыт өттү. Ал кезге көз чаптырып, азыр эмнелерди айткым келет?
Баарынан мурда биздеги саясый партиялардын абалы жан кейитет. Алар өтө көп, саны бар, сапаты жок. Азыр алардын эсеби 250дөн ашык. Бул чынында уяла турган иш. А өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө, атүгүл кечээки социалисттик, капиталисттик Борбордук жана Чыгыш Европа, Россия, Украина, Прибалтика, Кавказ мамлекеттерине 2-3төн 10-15ке чейин эле бар. Бизде болсо партия түзүү оюнчук болуп калды. Ал эптеп эле атын чыгарыш же шайлоого катышуу үчүн жандалбас болууда. Көпчүлүгүнүн астында социалдык базасы, элге жеткен саясый программа-платформасы да жок. Айрым белгилүүлөрү жетекчисинин атына, кадыр-баркына гана байланыштуу (айталы, Ө.Текебаев, А.Атамбаев сыяктуу). Мени өзгөчө өкүнткөнү – социал-демократтардын азыркы абалы. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө 150 жылдан ашык мезгилден бери ийгиликтүү өнүгүп, кээде кыйынчылыктарга кабылып, кайра туруп келаткан мындай партия түзүүнү 1993-жылы колго алгам. Кызматка байланыштуу кийин ал ишти Ж.Ибраимовго, андан соң А.Атамбаевге табыштаганбыз (партиянын 3-номерлүү билети менде азыркыга чейин сакталуу). А.Атамбаев камалган соң бул партия ич ара ыдырап, бөлүнүп, азыр аны жаш, келечектүү, чечкиндүү саясатчы Т.Стамбеков жетектөөдө. Мен анын ишине ийгилик каалайм.
Экинчи өкүнткөн нерсе – профсоюздардын абалы. СССР убагында дайыма компартиянын кол баласы болгон, анын айдагынан чыкпаган бул уюм социализмден мурастап калган мүлк-менчигине (эс алуучу жайларга) жабышып, бюджеттен берилген анча-мынча каражатка канааттанып, жумушсуздукту жоюуга, айлык акы, пенсияларды көтөрүүгө белсемдүү катышуунун ордуна “өлбө жаным, өлбө” деген тейде күн кечирип, ич ара кызмат талашып келишүүдө. Уюмдун өлкөнүн коомдук-саясый турмушунда орду, ролу да байкалбайт. А өнүккөн өлкөлөрдө алар адатта активдүү болот. Муну Англия, АКШ, Франция, Италия, Германия тарыхынан окуп, азыр маалымат каражаттарынан көрүп жүрөбүз.
Кезинде жыш бүчүрлөнүп, окурмандар арасында кызыгуу туудурган жогоруда саналган, алардан кийин ушул жолду уланткан “Жаңы Агым”, “Алиби”, “Ачык саясат”, “Майдан”, “Новые лица” гезиттери чыкпай калды. Азыр “Жаңы Ордо”, “Азия Ньюс”, “Де-факто”, “Общественный рейтинг” гезиттери гана жарык көрүүдө. Мындай абалдын түзүлүшүнүн, албетте, объективдүү себептери бар. Алар экомномикалык-каржылык, жаңы технологияларды, асыресе, интернеттин жайылышы, кай бир учурларда бийликтердин кысымы. “Азаттыктык” тегерегиндеги акыркы окуялар буга күбө. Сөз жок, маалымат каражаттары мыйзам алкагында аракеттенип, аша чаппай, чектен чыкпай, бирөөлөрдүн керт башына (ишине, оюна эмес) асылбай, калыс, акыйкат, так болушу абзел. Бирок түпкүлүгүндө өлкөдө сөз жана басма сөз эркиндиги жөнүндөгү конституциялык жоболор сакталууга, кыйшаюусуз аткарылууга тийиш.
Акырында айтарым, бейөкмөт, коомдук, коммерциялык эмес уюмдарга байланыштуу. Алар эгемендүү болгонубузда козукарындай болуп жайнап чыкканына, кийин да көбөйгөнүнө мен сүйүнгөм. Бул да болсо өлкөбүздөгү эркиндиктин жемиши, үзүрү. Ушундан улам аларды тунгуч президентибиз А.Акаев Голландия гүлдөрүнө салыштырганын эстеп жүрөм. Мындай уюмдар кеңири чөйрөнү (чарбачылыкты, ишкердикти, конституциялык жана социалдык жардамды, этникалык-улуттук мамилени, адам укутарын коргоону) камтып, кезинде биз “Орто Азиянын демократиялык аралчасы” деп аталганбыз.
Бул кыймылдын башатында Т.Акун, Т.Бакир уулу, Э.Байсалов, Т.Исмаилова, Т.Үмөталиева, А.Абдирасулова, Ч.Жакупова, А.Сасыкбаева, Д.Ошурахунова, Б.Рыскулова, Г.Дербишева жана башкалар турганын, булардын көпчүлүгү азыр да үзүрлүү иштеп жатышканын жакшы билем. Алардын жолун кийинки мезгилде Т.Шайхутдинов, А.Турдукулов, Н.Токтакунов, А.Касыбеков, А.Абдрахматова, Н.Турдубекова, Б.Усенова, Р.Карасартова, К.Сооронкулова жана башкалар улоодо. Дегеле, биздин айымдардын ушундай жигердүүлүгүнө, ишмердүүлүгүнө кубанышыбыз керек деп эсептейм. Айрымдары (Ч.Жакупова, А.Сасыкбаева, А.Абдрахматова) саясатка, мамлекеттик кызматка барышты, анын оош-кыйыштарын, ачуу-таттуусун баштарынан өткөрүштү, баалуу тажрыйба, сабак алышты. Бул табигый, мыйзам ченемдүү иш.
Кыргызстанда акыркы 30-35 жылда пайда болуп, өнүгүп келаткан улуттук этникалык мүнөздөгү коомдук уюмдарга жана борборлорго олуттуу, кылдат көңүл бөлүшүбүз керек. Муну түштүктө эки ирет болгон ири, Чүй өрөөнүндө орун алган бир катар чакан кагылыштар ачык көрсөттү. Бул маселенин татаалдыгына 2010-жылкы оор кагылышты иликтеген улуттук комиссияны жана акыркы төрт жыл Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешин жетектегенде ого бетер ынандым. Бейөкмөт уюмдар, алардын ишмердиги жана каржы булактары тууралуу талаш-тартыштар болуп жатат. Бир катар уюмдар чет өлкөлөр тарабынан каржыланып, кээде саясый мүнөзгө өткөнү жашыруун эмес. Азыр аларды тактоо, чектөө боюнча мыйзам долбоору талкууланууда, министрлер кабинети керектүү уюмдарды, алардын ичинде Кыргызстан калкы ассамблеясын республикалык бюджеттен (Россия сыяктуу) каржылоо аракетин көрүүдө. Мен муну толук колдойм, бардык нерсе ачык-айкын, мыйзам алкагында көзөмөлдө болууга тийиш. Дегеле мындан 30 жыл мурда кабыл алынган басма сөз жана маалымат каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарды акыркы заманга, жаңы шарт-кырдаалга ылайыктап өзгөртүп, жаңылоону туура көрөм. Ушул өңүттө саясый партиялар жөнүндөгү мыйзамды (1991) да жакшылап, катаалдаштыруу (мүчөлөрүнүн санын көбөйтүү, аймактык бөлүмдөрүн түзүү өңдүү талаптарды күчөтүп) зарыл. Мындай ниетти Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын жетектеп турганымда (2000-2005-жылдар) депутат З.Курманов экөөбүз койгон элек. Тилекке каршы, мыйзам долбоорун даярдоого үлгүрбөй калдык.
Кыскасы, биз жарандык коомду жандантууга, демилгечил бейөкмөт уюмдарды колдоого, аны мыйзам чегинде жүргүзүүгө дайыма аракет көрүшүбүз керек. Себеби, баарын мамлекетке, бийликке шылтабай, төңкөрбөй, демилгелүү болуу, өз алдынча иштерди бүткөрүү ийгиликке жол ачат. Муну абсолюттук бийликти да, ревоючиячыл XIX кылымдын башында, тагыраагы, 1835-жылы Америкага барып, өз көзү менен көргөн француз ойчулу жана мамлекеттик ишмери Алексис де Токвиль “Америкадагы демократия” деп аталган атактуу китебинде таңданып, тамшанып жазган. Мен дагы Америкада үч ирет, Венгрияда бир ирет болгонумда өз көзүм менен көрүп, буга ынангам.
Дегинкисинде, мамлекет менен жарандык коомду карама-каршы койбостон, алардын өз ара алакасын жакшыртып, күчөтүү зарыл. Күчтүү жарандык коом – күчтүү экономика – күчтүү мамлекет – биздин максатыбыз жана саясатыбыз дал ушундай болууга тийиш. Бул маселени илимпоздор да тарыхый жана ар тараптан терең иликтеп, өздөрүнүн кеңеш-сунуштарын айтып турганы жөн.
Абдыганы Эркебаев, академик
"Азия Ньюс" гезити