“Бекмурза Исмаилов директор болуп келгенден кийин бизге айлык төлөй баштады”
Жакшылыктын чоң-кичинеси болбойт. Адам көңүлүн көкөлөткөн – кымындай эле жакшы кабар, жаркын мамиле, жылуу сөз. Же тескерисинче, кымындай эле жаман сөз көңүлдү чөгөрүп, жүрөктү оорутуп коюшу мүмкүн. Биз мындан ары гезитибиздин ар санында сөз кылып турмакчы болгон адамдар биздин эле арабызда жашашат, көпчүлүктөн эч өзгөчөлөнбөй, биз түшкөн троллейбуска түшүшөт, биз кирген дүкөндөн нан сатып алышат. Бирок, көпчүлүктөн алардын бир айырмачылыгы – күнүгө бирөөгө жакшылык кылып, адамдын көңүлүн сүйүнткөндү өздөрүнө адат кылып алышкан. Бул алар үчүн демейдеги нерсе, турмуш образы болуп калган.
Анаржан Сманова
Эжени тааныганыма он жылдай болду окшойт. Мурдагы курортология институтунда жайгашкан биздин кабинеттин полун жууйт. “Дегинкиси, бул имаратта иштегениме 25 жыл болду, анын беш жылын бир тыйын албай бекер иштедим. Төрт кабат имараттаргы болгон кабинеттин баарын жалгыз өзүм жуучумун. Айлыктын эсебинен деп эски-уску, буттары сынган столдорду берип койчу. Качан Бекмурза Исмаилов директор болуп келгенден кийин гана кабинеттерди ижарага берип, ошонун эсебинен институтту мурдагы карыздардан кутултуп, бизге айлык төлөй баштады. 500 сом айлык алчумун” дейт.
Каракөлдөгү нан заводунда иштеп жатканда союз тарап, жумушу жок, ачка калганда жаш балдары менен шаарга көчүп келишкендерин, ушул имараттын жертөлөсүндөгү бир сыз бөлмөнү тазалап, беш жыл бою (өздөрү там салганча) жашашкандарын, короону коко тикенектен кол менен жулуп арылтканын, бир врачтын, директордун кабинетин, родон ваннасы жайгашкан бөлмөнү өрттөн, ал эми 2005-жылы жалпы имаратты мародерлордон сактап калганын, мындан башка да беш жердин полун жууп, күндүзү көчөдө тамеки сатып, акчасын чогултуп, колу майып күйөөсүнө “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү машина алып бергенин айтат. “Ар кимден “кандай машина жакшы? Кайсы машинанын тетиги оңой табылат?” деп сурап коём. Байкең өзү билген жок. Уулум менен барып сатып келдик. “Машина алып келдим” десем, оюнчук машина деп ойлоптур” дейт эже.
Анаржан эже азыр жетимиш беште. Бирок, баскан-турганы тың. Дале бир кабаттын полун жууйт. “Быйыл “пенсиядасыз” деп кетирип ийишеби деп корктум эле, тийишкен жок” дейт сүйүнүп.
Көп жашаңыз, Анаржан эже! Дүйнөгө көрк, жашоого кыймыл берген сиздей асыл адамдар дайыма бар болсун!
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити