Акыркы кабарлар
» Коом » Жоголгон бала түн ортосунда Ош базарынан табылды
Жоголгон бала түн ортосунда Ош базарынан табылды
23-декабрь, 12:59


Бир күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала табылды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Эскерте кетсек, тогуз жаштагы Иса Чолпонбаев кечээ 22-декабрда, саат 11:50 чамасында Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен, жер алдындагы өтмөктөн жоголуп кеткен. Уулун издеген ата-энеси социалдык баракчаларга жазып, милицияга кайрылган эле.
23-декабрга оогон түнү өспүрүм аман-эсен табылды.
Түнкү саат 01:30да бишкектик таксисттердин бири Чүй проспектисинде жайгашкан «Кыял» соода борборунун жанынан жалгыз жүргөн баланы көрүп калып, дароо милицияга кайрылган.
Милиционерлер балага жана ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Aryba.kg