Күйөөңүз көпчүлүктүн көзүнчө эмне себептен сизди уяткара бериши мүмкүн?
Айрым эркектер аялдарына көпчүлүктүн көзүнчө башка, үй ичинде башка мамиле жасайт. Үйдө болгондо аялын ар дайым сыйлап, ага жагымдуу белектерди берүүгө да жетишет. Ал эми көпчүлүккө чыкканда эле дароо өзгөрүп калат. Ага эмне себеп болушу мүмкүн?
Өз ата-энесинен көргөнүн кылат
Айрым эркектер үй-бүлөдө ата-энеси эмне кылса мына ошону жасайт. Башкача айтканда, атасы апасына кыйкырып сүйлөсө, кадимки көрүнүш деп аны чоңойгондо өзүнүн аялына да жасашы мүмкүн.
Өзүнө ишенимдин төмөндүгү
Айрым өзүнө ишеними төмөн болгон эркектер кыйкырып, күчүн аялынан чыгарат. Мында ал өзүн кыйын көрсөткөнгө аракет кылат.
Башка аял менен салыштыруу
Эркектер көпчүлүк учурда аялын өзүнүн апасына окшоштурганга аракет кылат. Тагыраак айтканда, апасы кандай мамиле жасаса, аялынан дагы ошону күтөт. Ошол эле учурда кесиптештерине да салыштырышы мүмкүн.
Үй-бүлөлүк маселе
Үй-бүлөдө улам ар кандай маселе жарала бергенде дагы эркектер чарчайт. Өзгөчө финансы маселеси жетишпей жатканда да эркектерде терс эмоциялар пайда болуп, аны үй-бүлөсүнөн чыгарат.
Аял тилинен табат
Тили уу аялдар дагы жок эмес. Сиз күйөөңүзгө кандай мамиле жасасаңыз, жолдошуңуздан дагы ошондой мамиле күтө бериңиз.
“Заман кж”