Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КР гимнинин автору Шабданбек Кулуевдин жаркын элесине

КР гимнинин автору Шабданбек Кулуевдин жаркын элесине

27-ноябрь, 11:56
2 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын гимнинин автору, акын, жазуучу Шабданбек Кулуев 78 жашында дүйнө салды. Кечээ 25-ноябрь күнү мамлекеттик “Ала-Арча” көрүстөнүнө сөөгү коюлду. 

Шабданбек Кулуев 1942-жылы Жумгал районунун Чаек айылында 1-январда туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. 

Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969-1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор; 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектепте математика мугалими, кийин республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген.

Шабданбек Кулуев кыргыз элине акын катары да кеңири таанымал. “Куланчы мерген”, “Алас-алас”, “Кийик-сай”, “Кылымдар жаңырыгы”, “Сезим кайрыктары” ыр жыйнактары, “Мидин минткен экен” сатиралык аңгемелери, “Эл-жер баяны”, “Өмүр издери” публицистикалык жыйнактары жарык көрүп, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Күжүрмөн эмгектери жана билим берүү тармагына кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “КР эл агартуусунун отличниги” төш белгиси, 1994-жылы “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы, 2011-жылы “КР эл мугалими” ардактуу наамы ыйгарылган. 

Шабданбек Кулуевдин адамдык парасаты жана жаркын элеси жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.


“Азия Ньюс” гезитинин жамааты

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер