Жаңырган жылда Садыр Жапаровго кандай сунуш, пикирлерди айтасыз?
Ушундай суроо узаттык. Мамлекеттик деңгээлде жүзөгө аша турган иштерди эске салсак болобу? Бул боюнча үн кошо турган окурмандардын пикирин чагылдырууну улантабыз...
Алиясбек Алымкулов, КР Эл Баатыры:
-- Урматтуу мекендештер! 2023-жыл ийгилик менен баргерликтин жылы болсун! “Эр жигит эли үчүн кара жанын курмандыкка чалат, көр жигит калк башына кайгы салат”. Элге эбелек атып, салам айткан менен жага албас, калк башында калыстык иш тутуп, кара жанын карч уруп, эли менен жерине болгон эмгеги кадырланбаса, татырлык эмгек этпей, тар чөйрөдөгү кошоматчыларды уга берсе, акыйкат бир күн башынан бакты тайдырат.
Мамлекетчил инсандар жок эмес, бар. “Меники, же сеники, же аныкы” деген оорулуу бир диагноз мамлекеттин келечегине балта чаап келе жатат. Бул оорулуу диагнозго чекит койбосок, бөйрөктөн шыйрак чыгаруу менен алектенип жатып, бөдөнөнүн да тыт-мыты чыгып бүтмөй болду.
Өткөн бир кылымдарда бир хандын жанында жүргөн желдеттердин бирөө ар дайым хандын туура же туура эмес иштерине ачык оюн айтып, кээ бир учурларда калыстык үчүн талашып-тартышып да кетчү жайы бар эле. Күндөрдүн биринде журт үчүн өтө маанилүү иш башка түшүп, хан желдеттери менен кеп-кеңеш салып отурса, баары эле бир жактуу баш көтөрбөй хандын эмне айтканына карабай, “макул, сиздики туура” деп айтып жатышканын көрүп, кеп-кеңешти да баш көтөрө албагандар менен сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин түшүнүп, баягы акыйкат үчүн талашып-тартышкан желдетинин жок экенин көрүп, аны чакыртат. Бирок, тилекке каршы, ал желдет калыстык үчүн талашып-тартышып жүрүп, хандан канча жолу кагуу жеп, кагуу эле жебей таяк да жеп, акыры дүйнө салып кеткен экен...
“Сөз баалаган өлбөйт, чөп кордогон көр болот” дейт элибизде. Айтылган пикирлердин ээлерин тобу менен сыздатуу эрдикке жатпайт жана абийир алып келбейт. Акыйкат – ачуу. Аны күчтүүлөр, даанышман жана кеменгер гана инсан көтөрө алат.
Мамлекетибиздин келечеги үчүн ар бир адистин жөндөмү аба-суудай керек экенин туура түшүнүү менен кеменгерлик кылуу керек. Ошондой эле ар бир улуу муун кичүү муунга үлгү экенибизди эстен чыгарбашыбыз керек. Айрыкча журт, эл башында турган инсандын жүрүм-туруму, айткан сөзү татыктуу болуусу эзелтен келе жаткан нарк.
Мамлекетти өнүктүрүү боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар бизде. Бөлүнүү, куугунтуктоо, тирешүү менен артка кетип жатканыбызды моюнга алып, азыркы күн менен эмес, келечек ээлери, кийинки урпактар үчүн жасай турган бир катар оор жүк алдыбызда турганын элирип эстен чыгарбай, ынтымакка келип, “сен-менди” коюп, бирдиктүү кызматташып, мамлекетибизди өнүккөн өлкөлөрдүн катарына коюу өзүбүздүн гана аракетибиз менен колубузда турары белгилүү. Биздин өлкө, биздин эл, биздин урпак жана биздин тарых – жеке өзүбүзгө тийешелүү!
Улан Рысбеков, милициянын ардагери:
-- Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров дүйнөлүк масштабдагы Кумтөр компаниясын улутташтырганын чоң жеңиш катары эсептесе болот, убадасына турду. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын эки-үч эсеге көбөйттү. Чек ара маселесинде чечкиндүүлүк менен өз позициясын ачык билдирип, акырындык менен чечип келатат. Ошону менен катар ажобузга бирин-экин сунуш жана пикиримди кыргыз милициясынын ардагери, жараны катары айтып коюуну эп көрүп турам.
Баардык саясатчыларды ынтымакка, биримдикке чакырып, идеология блогун жетектегендер коомчулукка түшүндүрүү иштерин тереңден жүргүзүшүн каалайт элем. Кирип келген 2023-жылдын алгачкы айларынан баштап, кыргыз тарыхына көңүл бөлүп, эч бир каражатты аябай тарыхчыларыбызга тапшырма берип, кыргыздын катылып жаткан Кытайдагы, Казакстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрүндөгү маанилүү булактарды изилдөөгө аракеттер болсо дейт элем. Мамлекеттик кызматкерлер эл үчүн иштеп, бюрократизм маселесине бөгөт коюла турган жолдорду издесе жакшы болмок. Бизде туризм тийешелүү деңгээлде өнүкпөй жатат. Эмне үчүн Түркиядан үлгү албайбыз? Эмне үчүн Ысык-Көлүбүзгө түрк инвесторлорду кызматташууга чакырбайбыз? Ушуга көңүл бөлүнсө сонун болгону турат. Бийликте Садыр Нургожоевич турганда, саткын, качкын, бетин беш жолу алмаштырган Кашкар Жунушалиевдей генерал жетекчилердин кереги жок! Азыркы ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековдун жасап аткан реформалары, алгы иштери жүрөк жылытат. Мына ушундай кадрлар менен камсыз кылынса, милициянын кылып аткан иштери элдин арасында кадыр-барктуу болот эле.
Исмаил Исаков, коомдук ишмер:
-- Биздин бийлик өз милдеттерин так аткарып, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылып, бизге адилеттүү иштеп берип, элибиздин чыныгы алкышына ээ болсун! Силердин калемиңер курч болуп, чындыкты чыркыратып чагылдырып, төртүнчү бийликтин зоболосун бийик көтөрсүн. Баарыбыз кирип келген 2023-жылы бар бололу, аман бололу! Анан бул маселе боюнча да кийин кененирээк токтолом, азырынча ушуну менен чектелип турууну эп көрүп турам.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити