Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умугүлсүн Каарова, элдик табып: “ДЦП балдардын 70 пайызын калыбына келтирип жатабыз”

Умугүлсүн Каарова, элдик табып: “ДЦП балдардын 70 пайызын калыбына келтирип жатабыз”

05-январь, 09:00
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Умугүлсүн айым, учурда эл саламаттыгы боюнча кандай көйгөйлөр менен сизге кайрылышууда?

-- Акыркы кезде көпчүлүгү инсульт илдетине кабылгандар кайрылууда. Турмуш тиричиликтин оордугунанбы, жеке үй-бүлөлүк муктаждыктанбы, айтор, баары эле нервный болуп, өзгөчө жаштардын ушундай ооруга кабылып атканы жүрөгүмдү өйүтөт. Мындан сырткары, тубаса майып, ДЦП балдар өтө көп төрөлүүдө. Акыркы эки жылда ушул эки диагноз менен мага кайрылгандардын саны өтө көбөйдү.

-- Инсультка кабылган бейтаптарды калыбына келтирүү сиз үчүн оңой-олтоң жумуштардан эмес чыгар?

-- Албетте. Инсультка кабылган адамдарды мурунку калыбына келтирүү жадагалса өнүккөн өлкөлөрдө оор жумуш болуп эсептелет. Алгач бизге келген күндөн баштап бейтапка алакандын “оту” (энергиясы) аркылуу укалоо кылабыз. Бейтаптарга сабыр кылуу, болбогон нерселерге санааркабай, убайым тартпоосун айтабыз. Укалоодон сырткары ийне терапиясын колдонобуз. Кытайдан алынып келген күчтүү медицина жабдыгы менен да шыпаасын кылабыз, абдан жакшы натыйжа берүүдө. 

-- Ал эми ДЦПны кантип атасыздар?

-- ДЦП да адамзатка чоң түйшүк жараткан илдет. Муну да инсульт алган бейтаптай узак дарылоо кажет. Дарылоо эң жөнөкөй эле укалоодон башталат. Балдардын дене мүчөлөрү, сөөктөрү ката элек, өсүп атканга байланыштуу акырындап жолго койсо болот. Булардын 70 пайызын сакайтып, калыбына келтирип жүрөбүз. Өзү басып, өзү туруп, ажатканага барып келгенге жарап калышат. 

-- Сиздердики элдик медицина болгондон кийин дары-дармек колдоносуздарбы?

-- Эч кандай дары-дармек, антибиотик колдонбойбуз. Укол сайбайбыз. Баардыгын укалоо аркылуу акырындап калыбына келтирсе боло турган жолун таптык. Бирок, буга да бир топ убакыт керек. Бизде түштүк жергесинде элдин менталитети ушундай экен, бир аз дарыланат, анан эле үйдү көздөй качышат. Ушу жагы кичине көйгөй жаратууда.

-- Эми мынча болду дарегиңизди айта кетесиз го?

-- Биздин дарегибиз: Ош шаары, Аскар Шакиров көчөсү, 263. Тел.: 0770-41-73-33, 0505-41-73-33.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер