Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда бир аптада КРВИ жана сасык тумоонун дээрлик 33 миң учуру катталды

Кыргызстанда бир аптада КРВИ жана сасык тумоонун дээрлик 33 миң учуру катталды

26-декабрь, 18:25
253 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда бир аптада курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун 32 миң 756 учуру катталып, анын 21 миң 71и же 64,3%ы 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен КРВИ – 32 миң 636 учурду, сасык тумоо – 120 учурду түзгөн.

КРВИ, сасык тумоо сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

-- беткап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;

-- респиратордук гигиенаны сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бетаарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;

-- өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;

-- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, тазалоо);

-- балада КРВИ белгилери пайда болсо, балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер