Ренат Самудинов: “Ийгиликке жетүүнү каалаган адам жардам суроону токтотушу зарыл”

-- Ренат мырза, учурда адамдарга шык берген кызыктуу пикирлериңди айтып келесиң. Адамдардын кайсы сапатын өзгөртүүгө кеңешиң бар?
-- Учурда заманга жараша көптөр жардам суроону адатка айландырышкан. Жардам келе жатканын көрүп, өз алдынча аракетин токтотушуп, кайырчынын абалына өтүшөт. Алар сизден кандайдыр бир жардам алуу үчүн ар кандай себептерди ойлоп табышат. Мындай адамдар өз алдынча ийгиликке жетүү үчүн пландаштырууну токтотот. Алар ар дайым күтүүдө жүрүп, жакыр жашоого дуушар болушат. Аларга жардам берүүнү токтотконуңузда, сиз күнөөлүү болосуз. Туура! Бул сиздин күнөөңүз, анткени сиз булакты үздүңүз. Аны башынан көндүрбөш керек эле.
Кайсы бир убакта мен жардамдын багытын өзгөрткөм. Мен азыр жардам бербейм, аны билимге арнаганга аракет кылып жатам. Ийгиликке жетүүнү каалаган адам жардам суроону токтотушу зарыл. Өз алдынча мүмкүнчүлүк издеңиз, пландарды түзүңүз жана аракет кылыңыз. Эгер сизге жардам керек болсо, ал билим берүү тармагында жана көндүмдөрдү өздөштүрүү же кеңеш алуу үчүн гана болушу керек. Анткени ийгилик көз карандысыздыкты сүйөт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити