Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Казакстан саясый жактан Кыргызстанды ээрчип келе жатат”

Бакыт Бакетаев: “Казакстан саясый жактан Кыргызстанды ээрчип келе жатат”

28-ноябрь, 09:00
381 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Аларды Касым-Жомарт Токаев жетектейт. Коңшу республикада Кыргызстан башынан өткөргөндөй окуялар болушу мүмкүнбү? 

-- Мындай коркунуч бар. Анткени, кризис экс-президент менен жаңы президенттин ортосунан орун албайт. Пикир келишпестик кризиси командалардын арасынан болот. Назарбаев менен Токаевдин командалары эки башка. Токаев Назарбаевдин командасы менен иштеше албайт. Ал өзүнүн командасын тандайт. Бул сөзсүз түрдө пикир келишпестиктер болот дегенди билдирет. Анан алар өлкөнү критикалык учурларга алып келиши мүмкүн. Назарбаевдин командасы дагы көп жылдар бою өлкөнү башкарууга даярданып жаткан. Бирок мындай болгон жок. Эми Токаевдин айланасына жаңы команда чогулду. Ал эми булар чоң бийликтерге жете элек адамдар. Ошондой эле Казакстанда башкаруучу жана каржы элитасында чоң өзгөрүүлөр болот окшойт. Эски элита, албетте, чоң каршылык көрсөтө алат. Башкача айтканда, митингдерди уюштурат, революцияларды даярдайт. Анткени алардын тажрыйбасында көп нерсе бар. 

Дагы бир нерсе, эгер алар жаңы команда менен өз каржысын тынчтык жолу менен бөлүшүп четтеп кетишсе жакшы. Болбосо... Тынч жол менен эмес, жөн эле колунда болгондун баарын тартып алышат. Мен кеңеш берет элем, Казакстандын элитасынын өкүлдөрү жаңы командага өз ыктыяры менен ашыкчанын баарын беришсин. Антпесе, биздин кыргыз синдрому пайда болот. Казакстан экономикалык жактан өнүккөн өлкө, бирок саясый жактан Кыргызстанды ээрчип келе жатат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер