Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Согуш тез арада токтобосо, жер шарын кыйроого алып келчү катастрофа болот

Согуш тез арада токтобосо, жер шарын кыйроого алып келчү катастрофа болот

24-март, 19:30
1 355 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россия–Украина тиреши курчуп, ар бир жарандын көңүл чордонуна айланды. Аягы белгисиз согуштун коркунучтары, ядролук куралдар тууралуу профессор Каныбек ОСМОНАЛИЕВ агайдын терең аналитикасы менен таанышыңыздар. 

Бул күндөрү Россия–Украина–НАТО согуштук конфликттери өзүнүн апогейине жетип отурат. Өкүнүчтүүсү – карапайым жарандардын өлүмү. Эки жактын тең аскер күчтөрү катуу жабыр тартууда. Өлгөн аскерлердин саны күн сайын өсүүдө. Ушундай апаат күндөрдүн фонунда жалпы адамзатты тукум курут кылып жибере турган эки коркунучтуу куралдын колдонулуп кетүү ыктымалдуудулугу мени физик-окумуштуу катары катуу ойлонтууда. Булар – ядролук жана биологиялык (бактериялык) куралдар. Экөө тең элдерди массалык кыргынга учурата турган согуш арсеналдары. Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын Мюнхен шаарында эл аралык конференцияда доклад жасап жатып, Украинанын ядролук статусун кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин кыйытты. Бул өтө коркунучтуу жана жоопкерсиздик билдирүү болду. Анткени 1994-жылы Будапештте кол коюлган меморандумга ылайык, Украина өзүнүн коопсуздугуна кепил берилсе, ал ядролук куралды иштеп чыкпоого жана өзүндө ядролук арсеналды жок кылууга милдеттенме алган. Бул кепилдикке гарант болушуп Россия, АКШ жана Улуу Британия кол коюшкан. Кийинчерээк бул меморандумду Кытай менен Франция дагы жактырышып, расмий макулдугун беришкен. Анан эмне болду? 24-февралда Россия Украинага каршы "атайын операцияны" баштап жиберди! Натыйжада, бүгүнкү күнгө чейин кыйраткыч согуш уланууда. Эми эмне болот? Айласы кеткен Украина Будапешт меморандумунан чыга качып, өзүнүн ядролук жана бактериялык куралдарын колдоно баштабайбы? Андай апаатка жооп кылып Россия өзүнүн ядролук куралын толугу менен колдонсо, Жер планетасы кантти? Бир гана үмүт Украина өзүнүн кыйраткыч куралдарын жасоого үлгүргөн жок деп туралы! Украинанын кийинки тарыхында кээ бир жоопкерсиз саясатчылары атом жана ядролук бомбаларды жасоону пропагандалай башташкан. Мисалы, "Свобода" аттуу Украина улутчул партиясынын лидери Олег Тягныбок баштаган "согуш ылаачындары" ачык эле ядролук эскалацияга чакырык жасап келишти. Аларга убагында көп деле көңүл бурулбаганы менен эми Украинанын президенти Мюнхенде балп эттирип салбадыбы.

Ушундан улам ой пайда болду: "Украинада ядролук курал жасоого реалдуу шарттар бар беле?" деген. Алардын техникалык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жетишерлик эле бар! Алсак, Днепропетровск шаарындагы атактуу "Южмаш" ракеталарды жасоочу заводу СССРдин убагында Р-36М (РС-20А), Satan (Сатана) оор ракеталык комплекстер чыгарылып турчу. Мындан сырткары, дагы ири заводдору бар: Павлограддагы күйүүчү катуу заттарга негизделген кыймылдаткычтарды, ракеталардын өзүн жасаган завод, ракеталык-космикалык техниканы иштеп чыгууга багытталган "Хартрон" (мурдагы "Электроприбор") ишканасы, кораблге каршы колдонулуучу "Нептун" заводу, ж.б. Бирок, ошондой болсо дагы 90-жылдардагы кыйраткыч саясат украиндиктердин дагы алын курутту. Өндүрүштөрү арбын эле талкаланды. Өз күчтөрү менен жаңы согуштук ишканаларды деле кура алышкан жок. Анткен менен теоретикалык түрдө Украина ядролук куралдарды чыгарууга жөндөмү бар. Мисалы, Түндүк Корея республикасы жасап алышты го. Ооба, убагында корейлер СССРдин технологиясын ошол эле украиндер аркылуу сатып алышкан деген версия айтылууда. Мындан сырткары, Украинада уран кендери дагы жетиштүү. Кировоград жана Днепропетровск облустарындагы "Восточный ГОК" ишканасы уранды азыркыга чейин эле өндүрүп келет. Ал эми Новоконстантиновка уран кени Европадагы эң ири запастуу кен катары белгилүү. Анын жалпы кору 76 миң тонна деп айтып жүрүшөт. Эми ушундай потенциал менен эртеби-кечпи ядролук курал жасалып калышы мүмкүн да. Анүстүнө аларга АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү аянбай жардам беришүүдө. Учурдагы согуш ушундай натыйжалары менен дагы коркунучтуу!

Ал эми Россия болсо, өзүнүн ядролук арсеналы менен дүйнөдөгү эң кубаттуу державага айланып алды. Жакында эле президент Путин өзүнүн коргоо министри менен генштабдын башчысына атайын куралдарды колдонуу үчүн өзгөчө кызматтык тартипке өтүүгө буйрук бергени, албетте, баарыбызды ойлондурбай койбойт! Батыш болсо тынчсыздана баштады. Дагы бир коркунучтуу жагдай бар. Ал Украинанын аймагындагы атомдук электр станциялары (АЭС)! Согуш учурунда алар аварияга учурап, атом-ядролук катастрофа башталса эмне болот? Ошондуктан орустар операциянын башталышында эле баягы трагедияга тушуккан Чернобыль АЭСин курчап алды, контроль кылып жатат. Запорожье АЭСинин бир агрегаты жабырланып, Кудай аз жерден сактады. Чыккан өрттү өчүрүп калышты. Бирок, мындан сырткары дагы Украинанын эки АЭСи бар. Баардыгы болуп төрт АЭС. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылышып, кээ бир "эркин адистер" Украинада булганыч ядролук бомбалар жасалып жатышы мүмкүн деген маалыматтарды бере башташты. Аны жасоо оңой эле болуп, самолеттун бортунан эле чачып жиберсе болот экен. Эми акыркы учурларда Украинанын аймактарынан биологиялык куралдарды жасоочу лабораториялардын бар экендигин көрсөтүп жатышат. 

Иши кылса, дүйнө эли коркунучта! Батыштын Россияга каршы колдонулган экономикалык санкцияларынын дагы кесепети башталды. Мындай терең ойлонулбаган чаралар бир эле орустарга эмес, эми өздөрүнө дагы терс кедергисин берип жатат. Катуу жараланган Россия бурчка такалып калса, акыркы күчүн көрсөтүп, өзүнүн зор кыйраткыч күчү бар ядролук куралын колдонуп жибербейт (!) деп ким кепилдик бере алат? Анда НАТО менен АКШ дагы жөн отуруп алышмак беле? Ошондуктан, согуш тез аранын ичинде токтошу керек. Каршылашкандар дипломатиялык сүйлөшүүлөргө баруусу абзел! Башка жол жок, болсо дагы ал жер шарын кыйроого алып келчү катастрофа болот!


Каныбек Осмоналиев, профессор 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер