Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Ажыбаев, ЖК депутаты: “Баткендеги үйлөрдү декабрга чейин салып үлгүрүшпөйт”

Чыңгыз Ажыбаев, ЖК депутаты: “Баткендеги үйлөрдү декабрга чейин салып үлгүрүшпөйт”

17-октябрь, 09:00
354 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чыңгыз мырза, Баткен окуясында үй-жайынан ажыраган кишилерди өз жерине кайтаруу, жайгаштыруу иштери кандай жүрүп жатат?

-- Баткенде ички миграция көбөйдү. Канчалаган адам талаалап жүрөт. Ошолордун бир бөлүгүн быякка алып келип, жайгаштыруу керек. Мисалы, бош турган “Ак-кеме”, “Достук” сыяктуу мейманканалар бар. Жок дегенде убактылуу жашатып, балдарын мектепке киргизип, окутуп туруу зарыл. Менин көзүм жетип эле турат, булар декабрга чейин тамдарды салып бүтүшпөйт. Анда ошончо киши кышында кантет?

-- Биздеги маалыматтар боюнча, кыйраган турак үйлөрдү кайра калыбына келтирүү үчүн 500 млн. сом бөлүнүптүр.

-- Комитеттин отуруму болгондо мен сурасам, “250 млн. сом бөлүндү” дешкен. Аны дагы тактайбыз го. Ошон үчүн өкмөттү чакырып, маалыматын укканы жатпайбызбы.

-- Кыйраган үйлөрдүн санын эске алганда, ар бир үйдү кайра калыбына келтирүүгө бөлүнгөн акча 3,3 млн. сомдон туура келет экен. Кандай дейсиз, бул каражат жетиштүүбү?

-- Бүгүнкү баалар менен жетиши кыйын го...

-- Анан Сүлүктү шаары боюнча да бир маселе көтөргөндөй болдуңуз?

-- 2010-жылы мамлекеттик мүлк убактылуу ижарага берилген экен. Токтомдун бир пунктунда мүлк ээсинин (мэриянын) биринчи эле талабы менен мүлк кайра кайтарылат (!) деп жазылып турат.Тилекке каршы, бүгүнкү күндө каражат таап, эл эс ала турган сейил бак куралы дешсе ижарага алгандар кайтарып бербей жатат. Биерде бир адамдын эмес, бүтүндөй бир шаардын тургундарынын кызыкчылыгы тебеленүүдө. Азыр иш сотто. Эми соттор аны создуктурбай, сейил бак эртерээк ишке кирүүгө тийиш. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер