Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Жергиликтүү бийлик депутаттарды тоготпой баратат...”

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Жергиликтүү бийлик депутаттарды тоготпой баратат...”

03-октябрь, 09:00
965 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, “парламент менен кармашкандар көбөйдү” деген сөзүңүздү кандай түшүнсөк болот?

-- Мен муну экинчи жолу айтып жатам. Мурда дагы чыгып айткам, “урматтуу кабмин, парламент менен өкмөттүн ортосунда ажырым жаратпагыла, “парламент айта берет” дегенге өтүп алдыңар. Ошонун кесепетинен жергиликтүү бийлик депутаттарды тоготпой баратат. Чакырсаң келбейт” дегем. “Булар ушинте берет” деп соцтармактар, башка жактар аркылуу ар кандай жалданма жазууларды жаздырып атышат. “Биз баланчаңды кызматка албай койсок ушинтип атасыңбы?” деген министрлер көбөйдү. Парламент деген эмне? Биз адегенде түшүнүп, билип албайлыбы? Парламент – элдин үнүн жеткирүүчү трибуна. Мыйзам чыгаруучу, көзөмөлдөөчү орган. Биз чыгарган мыйзамыбыздын аткарылышын көзөмөлдөй албасак, кайра артынан сураганга жарабасак, эл талап коюп атса, а биз шайлоочулардын үнүн жеткре албасак, анда биздин эмнебиз парламент?

-- Парламенттин табияты өзү ошондой эмеспи. Ал башынан эле эң ачык, көп сын уккан орган болуп келген...

-- Ооба, бирок биерде мындай нерсе бар, азыркы Башмыйзам боюнча парламенттин күчү мурдагыдай эмес да. Кеп ошондо. Ошондон улам баары бузулгандай. “Булар ким? Мыйзамын жазып эле отура бербейби?” дегендер көбөйүп атат. Бизди эл шайлабадыбы. Эл өкмөттүн ошол жасабай аткан, жасап аткан иштерин сурап атпайбы. Биз ошону талап кылышыбыз керек да. Такыр эле “силердин күчүңөр жок, ушундайсыңар” деп четке кагып койгон болбойт.

-- Өткөн жолку Баткен окуясы жаз айында болуп, талкаланган үйлөрдү кышка чейин кайра калыбына келтиргенге үлгүрүп калдык эле. Азыр эми октябрь болуп калды, эки айдан кийин кыш келет. Кечээ абалды жеринен көрүп келбедиңизби, чукул арада элди турак жай менен камсыз кылууга үлгүрөбүзбү?

-- Мен баса белгилейм, 600дөн ашуун үй өрттөнүптүр. Кылычын кармап кыш келатат. Табияттын досу, тууганы болбойт. “Балп” этип бир күнү кыш келип калса, эмне кылабыз? Өкмөт тездетип, баардык чараларды көрүшү, кышка чейин чечиши керек. Эгер кышка чейин чечилбесе, эл шыйрагын жагабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер