Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жазгүл Мадинова: “Адамдардын канын төгүү менен эч нерсени чече албайбыз”

Жазгүл Мадинова: “Адамдардын канын төгүү менен эч нерсени чече албайбыз”

05-октябрь, 19:30
361 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 Доордун күрөө тамырын кармап, коомдогу ар бир окуяга саресеп салган, жакшысына кубанып, кейиштүүсүнө жүрөк ооруткан кызыбыз 5-каналда жаңылыктар бөлүмүндө редактор жана теле алпаруучу Жазгүл Мадинова менен маек курдук.

-- Көп мырзалар көз салган журналист кызыбыздын жеке жашоосунда кандай жаңылыктар бар?

-- Азырынча жеке жашоомдо андай деле чоң өзгөрүүлөр жок. Баары жараткандын буйругунан да. Анүстүнө менин жеке жашоом башкалар үчүн кызык деле болбосо керек. Себеби, мен дагы башкалардын тандоосун сыйлайм жана ага аралашкым келбейт. Буюрса, жеке жашоомдо жакшы жаңылыктар болоруна ишенем.

-- Баарыбыздын жүрөктөрүбүз тилинди. Баткен окуясы мекенчил кыз катары кандай ойлорго жетеледи?

 -- Өтө оор кабыл алдым. Жүрөгүм ооруду. Биринчиден, тажик тараптын агрессиялык кол салуусунан мекен үчүн, биздин тынчтыгыбыз үчүн жанын берген баатырларыбыздын жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөм. Алар эч качан унутулбайт! Кайрат кылыңыздар. Мындай жоготуу биздин да кабыргабызды кайыштырып, сөөгүбүздү сыздатып турат. Колуна курал кармап, антына бекем турган эр азаматтарыбызды Кудай колдосун! Ата журтубуздун башына мындай оор мүшкүл түшкөндө, биз, кыргыз эли кандай биримдиктүү, ынтымактуу, бир жакадан баш, бир жеңден кол чырган эл экенибизди көргөзө алдык. Мен аны сыймыктануу менен айта алам. Өзгөчө Баткен жеринде колуна “Үй бар” деп баласын кошо көтөрүп алып, жардам бергендерди көрүп, жүрөгүбүз жылып, элжиреп турдук. Колго кол, бутка бут болуп республиканын баардык аймактарынан гуманитардык жардам чогулткан пукттар ачылып, штабдарда күнү-түнү ыктыярчылар кызмат өтөдү. Биз ошол жаштарга өзгөчө ыраазычылык айтышыбыз керек. Бул биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Буга чейинки да Баткен окуясында, коронавирустук пандемия учурунда да ушундай элден элге өтө чоң жардам берилген. Муну мамлекет эске алып, оор учурда эмгектенгендерге ыраазычылык билдириш керек. Анан албетте, атайын ачылган эсепке миллиондогон каражат жардам түштү. Аны мамлекет Баткен элине туура бөлүштүрүп, элдин акчасын элге отчет бериши керек. Аны эл да, жарандык коомда талап кылат.  

Эми бир муштумдай бириккен элдин үмүтү бийликте. Бизге согуштун кереги жок. Бизге тынчтык жана жаркын келечек керек. Адамдардын канын төгүү менен эч нерсени чече албайбыз. Муну буга чейинки дүйнөлүк практика көргөзгөн. Чек ара тынчтык жолу менен чечилип, Кыргызстанга агрессиялык кол салган тажик тарап өз жазасын алат деген үмүттөмүн. Баткен элине бир гана тизе бүгүп таазим кылам! 

-- Кыздарга, алсыз катмарга күч алган зордук-зомбулук тууралуу да маселе көтөрүп келесиң?

-- Биздин коомдогу дагы бир чоң маселе бул – зордук-зомбулук. Үрөй учурган мындай окуялардын көп катталышы келечегибизге кандай сокку болуп жатканы ойлондурушу керек. Мен мындай нерсеге колу баргандарды караңгы, өтө ыплас, адам сымал айбандар деп билем. Анын да ошондой кызы, жары, карындашы же энеси бар экенин аңдап туя албагандардын коомубузда аралашып жүргүнгө моралдык укугу жок. Бирөөнүн тагдырына балта чапкандарга жазаны өтө катуулатпаса болбойт. Ооба, зомбулук кылгандарды эч аёосуз, анын психикалык оорулуу экенине карабай абакта 15 жылдан кем эмес камоо мыйзамы киргизилди. Бирок, мыйзам менен тыйып коюу мүмкүн эмес. Эртең эле алар абактан чыгат. Бир кылган кылыгын экинчи жолу кайталабасына эч ким кепилдик бербейт. Аларга мындан да катаал жаза киргизилиши керек. Анан албетте, ага жараша чечим чыгарган сотторубуз көз карандысыз жана ал талапка жооп берүүсү өтө маанилүү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер