Чынара Мамажакыпова: “Өзүбүз ойлонбой калдык, бизге туристтер идея берип жатышат”

-- Чынара айым, туризмди өнүктүрүү боюнча жакшы идеялар менен бөлүшүп келесиң. Кандай кемчиликтерибиз туризмди өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратып келет?
-- 6-август күнү Нарындын Ат-башы районунун Босого жайлоосунда Казыбек казалчынын 120 жылдык мааракеси болуп өттү. Маараке көркүнө чыгып, Нарындын төбөсү көрүнгөн уул-кыздары салымын кошуп, облустун аймагындагы ишканалар 150дөй бозүй тигишти. Англиядан, Америкадан, Франциядан жана башка чоң өлкөлөрдөн туристтер келип, мааракенин көркүн ачты. Биз аларга болгон сыйыбызды көрсөтүп, ой бөлүшүп, чер жазышып отурдук. Бирок алар өз талаптарын көзгө сая көрсөтүп айтып отурушту.
“Таза аба, керемет тоо, тунук суу... Эмне деген сулуулукка чулганган чөлкөмдү жараткан силерге буюрган? Мындай сулуулукту көрүүгө, таза абасынан дем алууга биз чоң чыгымдар менен алыстан ат арытып келебиз. Бирок кичине комфорт болсо дейбиз. Ошончо жол жүрүп келгенден кийин эс алып жатсак. Жуунгубуз келет. Ушундай ыңгайлуулуктар болсо бизден дагы көп туристтер агылып келмек. Силерде шарт болбосо, ушул нерселерди уюштуралы. Биз деле инвестор болуп жардамдашалы” деп алар бизге идея берип жатышат.
Биз өзүбүз деле кооз жайлоолорубузга барып калсак, чаң ызгыган жолубуз эле чаалыктырып, чарчатып коёт. Бир сааттык жол эки-үч саатка созулуп, чаңга оронуп, улам түшө калып сууга жуунуп, кыйналып, ошол жерге жетип, кайра кайтуу бир топ эле азап болду. Туристтер ошондой жерлерибизди кыдырып жүрүшөт. Жок дегенде жолубузду жакшылап оңдоп-түзөп, мейманканаларды ачып берсек кана? Кандай болсо да тез арада туризмди өнүктүрүүгө кадам жасай турган мезгилдебиз.
Алар менен баарлашып отуруп, ар кандай долбоорлорду түздүк. Буюрса ушул жылдардан баштап ошол жерлерге кандайдыр бир жата турган мейманканаларды салып берип, тамак-ашын уюштурсак деген максаттабыз. Бул туризмди өнүктүрүүгө болгон салымыбыз болмок.
Мамлекет жолун оңдоп берсе, ишкерлер баардык шартын түзүп берсек, өлкөбүз туризм чөлкөмүнө айланса деген ойдобуз. Бир эле Нарын эмес, Алай жергеси, Талас, Чүй өрөөнү, Көл кылаасы, дагы эмне деген бийик тоолорубуз, жайлоолорубуз, кооз жерлерибиз бар. Бир гана ыңгайлуулукту жарата албай келебиз.
Туризм департаментине, туризм багытында иш алып барып жаткан аткаминерлерибизге кайрылгым келет: туристтерге ыңгайлуулук жараталы! Туризмди өнүктүрөлү!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити