Акыркы кабарлар
» Коом » Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды
Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды
03-август, 18:23
207 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Аиша Мурдинованы издөөгө катышып жаткан ыктыярчылар социалдык тармактарда көлдөн адам сөөгүнүн калдыктарын тапканын жазышкан. Белгиленгендей, 1-август күнү саат 15:00дөр чамасында Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабында эски балык уулоочу тор менен кошо адам сөөгүнүн калдыктары табылган.
“Аталган факт Ысык-Көл РИИБнин электрондук маалымат журналына катталып, тийешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат” деп белгилешти облустук милициядан.
Эскерте кетсек, буга чейин сууга чөккөн кыздын атасы кайдыгер карабаган жарандардын бардыгын кызын издөөгө жардам берүүгө чакырган.