Бактияр Алиев: “Фейк кабарга ишенбегиле, пенсия 1-октябрдан тарта көтөрүлөт”
-- Бактияр Жеңишбекович, мындан эки-үч ай мурда реформа даярдалып жатканы, атап айтканда, пенсияга чыгуу курагын узартуу, иштеп жаткан пенсионерлерге пенсия төлөөнү токтотуу сунушталганы боюнча маалымат угулуп, бул коомчулукту бир топ дүрбөлөңгө салды эле. Пенсияга чыгуу курагы чын эле узартылышы мүмкүнбү?
-- Жок. Пенсияга чыгуу курагы өзгөргөн жок. Эркек кишилер мурдагылай эле 63, ал эми аялдар 58 жаштан эс алууга чыга алышат. Иштеп жаткан пенсионерлерге да эч кандай чектөө жок. Өзгөрүү пенсияга чыгууну жеңилдетүү жагында гана болууда. Жарандарыбыз архивдерди кыдырып, ишканалардан справка чогултуп кыйналышчу. Келерки жылдан пенсия жашына жеткен адам паспорту менен келип, бир-эки күндө эле пенсияга чыга тургандай кылабыз.
-- Бирок, пенсионерлердин саны иштегендерге салыштырмалуу көбөйүп, бюджетке аябай эле оорчулук келтирип жатканы да чындык. Бул көйгөйдү кантип чечиш керек?
-- Бүгүнкү күндө орто жана кичибизнестин ставкаларын азайтып жатабыз. Көп ишкерлер жумушчулардын санын жашырып, салык төлөбөй келгени белгилүү. Азыр жумуш берүүчү ставканы 17 пайыз төлөп атпайбы. Эми он жетинин ордуна төрт эле пайыз төлөй турган болот. Бул долбоор эки окуудан Жогорку Кеңештен өттү. Сентябрь айында үчүнчү окуудан өтсө, 1-октябрдан киргизебиз.
-- Кээ бир ЖМКларда “август айынан пенсиялар көбөйөт” деген маалымат жарыяланып кетти. Атүгүл “50 пайызга көбөйөт” деп өлчөмү да айтылды. Ал канчалык чындык?
-- Министрлер кабинети тарабынан да, каржы министрлиги, биз – социалдык фонд тараптан дагы мындай маалымат берилген эмес. Мындайча айтканда, ал фейк кабар. Биз башынан бери айтып келе жатабыз, пенсия 1-октябрдан көтөрүлөт. Бул боюнча август айында толук маалымат беребиз.
"Азия Ньюс" гезити