Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачы каза болуп калды

Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачы каза болуп калды

20-июль, 19:25
462 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аюу Чоң-Алай районунда чек арачыга кол салып, ал аскер алган жараатынан улам каза болуп калды. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлады.

Кырсык 19-июлда Түштүк-Бокбашы деп аталган жерде болгон. 30 жаштагы сержанттын келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөнү айтылды. Маалымат кызматынан чек арачыга медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, бирок ал жакшы боло албай көз жумганын билдирди.

Бул боюнча тийешелүү бардык түзүмдөргө кабар берилген. Ведомстводон чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Аскер прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалашты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер