Акыркы кабарлар
» Коом » Даниэл Ажиевдин эркиндиги – түрмөдө куурап отурган Аскат Жетигенди эске салды
Даниэл Ажиевдин эркиндиги – түрмөдө куурап отурган Аскат Жетигенди эске салды
19-февраль, 00:07


Веб-кам студия чебери Даниэл Ажиев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогону соцтармакта талкуу жаратты. Эркиндигин шоу кылып, видео тарттырып, үй-бүлөсү менен көрүшкөнү желдей тарады. “Түрмөгө жыландын баласы да жатпасын” дейт эмеспи. Мыйзамга ылайык бошосо, эч кимдин каршылыгы деле болбошу керек. Бирок, бул жерде кеп башка...
Дал ушул көрүнүштөн соң, акын, ырчы Аскат Жетигендин камакта куурап отурганы интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынды. Эл астында экөөнү салыштырып жазып жатышты. Идиректүү окурмандар кимдин-ким экенин айырмалап алышса керек. Эске салсак, Аскат Жетиген төбөлдөрдү ашата сөккөнү үчүн кармалган. Кечирим сураса ырайым берилет беле?











