Марлен Маматалиев: “Жашы жетпегендерге карата жасалган кылмыштарга мунапыс колдонбоону сунуштап жатабыз”
-- Марлен Абдырахманович, сиз жашы жетпегендерге карата жасалган кылмыштарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жаткан экенсиз. Мындай долбоорду демилгелөөгө эмне себеп болду?
-- 2012-жылды эле карап көрсөк, жашы жетпеген балдарга карата 3000дей кылмыштар жасалган экен. Анын ичинен 300ү зордук-зомбулук, 198и ала качуу ж.б. кылмыштар. Баарын кошкондо, 446 кылмыш иши козголуптур. Бул өтө чоң статистика. Акыркы он жылды карап көрсөм, бул көрсөткүч 300дүн тегерегинде келатыптыр. Албетте, биз балдардын укугун коргоо боюнча ИИМ, тийешелүү башка уюмдар менен көп иштерди алып барууга тийишпиз. Бирок, ошол эле учурда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкер аны кандай жаза күтөрүн сезиши керек. Азыркы күндө, тилекке каршы, жазалар аябай эле жеңил экен. Биринчиси, мунапыска туш келет. Жашы жетпегендерге карата кылмыш жасаган адам эки-үч жылда эле кайра эркиндикке чыгып алат. Ошондуктан, биз аларга карата эч кандай мунапыс колдонбоону сунуштап жатабыз. Экинчиси, эскирүү мөөнөтү бар. Кылмыш жасалгандан кийин 6 жыл өтүп кетсе, кылмышкер табылгандан кийин дагы жазаланбай калат. Эми биздин долбоор боюнча, арадан 30-40 жыл өтсө да баары бир жазасын алат. Үчүнчүсү, кылмышкер ооруканага жатып алат дагы, ал жерде жаткан бир күнү эки күнгө эсептелип, бат эле бошоп кетет. Биз ошого да чек койдук. Жазаны катуулаткан мындай чаралардын натыйжасында балдарга карата жасалган зордук-зомбулук азаярына үмүт бар.
-- Ушундай мүнөздөгү кылмыштар соңку кездерге көбөйүп баратканынын себеби эмнеден деп ойлойсуз?
-- Биринчиден, мигранттарыбыз чет өлкөлөргө кеткенде балдарын ата-энелерине, туугандарына таштап, алар көп учурда тийешелүү көзөмөлсүз калып жатышат. Экинчиден, ар кандай интернет булактарды чеги жок пайдалануу, зордук-зоомбулукту, адепсиздикти пропагандалаган тасмаларды көрүү мүмкүнчүлүгү да көп кишилердин психикасынын бузулушуна себеп болуп жатат окшойт.
-- Жашы жетпегендерге карата жасалган кылмыштарга жазаны көчөтүү боюнча буга чейин да көп сунуштар айтылып келген. Алардын арасында «педофилдерди химиялык кастрация жасоо керек» деген радикалдуу сунуштар да бар. Сиз буга кандай карайсыз?
-- Мен да аны экинчи окуудан киргизгенге аракет кылып көрөм. Бирок, ал сунуш өтпөй калган күндө деле бул тармак менен тааныштыгы бар, системаны ичинен билген адистер “25 жылга кесилген кылмышкер ансыз деле жазасын алат” деп айтышты.
"Азия Ньюс" гезити