Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биолабораториялар КМШ аймагына тарай баштаганы тынчсызданууну жаратат

Биолабораториялар КМШ аймагына тарай баштаганы тынчсызданууну жаратат

20-май, 09:00
465 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын Украинадагы атайын операциясынын жүрүшүндө “өлкө аймагында биологиялык лаборатория бар” деген маалыматтар тастыкталды. Айрым эксперттер лаборатория Россияга каршы биологиялык согуш ачуу үчүн колдонулушу толук мүмкүн деп эсептешет. Кимдир бирөө муну фантазия дейт. Бирок 2016-жылы Зика безгегин жайылткан чиркейлер Абхазияда жана Крымда дагы пайда болгонун эстейли. 

Анткен менен биосогуш КМШнын башка аймактарын да кучагына алып, андан башка постсоветтик өлкөлөргө каршы колдонулушу мүмкүн. Мындай лабораториялардын бири Алматыда, толкундоонун чордонунда жайгашкан. Деги эле лабораториялардын тармагы КМШ аймагына тарай баштаганы тынчсызданууну жаратат. Эмнеге АКШ аларды мурдагы союздун аймагына курууда? Эксперттер ал жакта Кошмо Штаттардын өзүндө жүргүзүүгө мыйзамдык чектөөлөр жол бербеген иликтөөлөр жасаларын айтышат. Аны менен катар алардын ишмердүүлүгү толук кандуу ачык эмес, бул өз кезегинде олуттуу коркунучту жаратат. Ал жактан уурдалган коркунучтуу вирустар жана бактериялар террористтик топтордун колуна тийип калышы ыктымалдыгын саясат талдоочулар эскертишет. 

Мисалга алсак, башаламандык учурунда соцтармактарга Алматыдагы өлтүрө турчу вирус жана алардын штаммын изилдеген жашыруун биолаборатория кароолдорсуз калгандыктан, террористтер басып алып талкалашканын жазып чыгышты. Тактап айтканда, 5-6-январда өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын улуттук илимий борборундагы үч америкалык объект чабуулга туш болгону айтылды. Анын эшиктери жана терезелери талкаланган. 

2016-жылы Масгут Айкимбаев атындагы улуттук борбордо Пентагон коркунучун азайтуу боюнча агенттиктин (DTRA) катышуусунда борбордук референс-лаборатория ачылган. Ал жакта адам баласы үчүн өзгөчө кооптуу болгон дарттарды жана алардын жергиликтүү фаунасы – конго-крымдык безгекти, сибирь жарасын, бруцеллезду изилдөөгө шарт түзүлгөн. 2017-жылы жарганаттардагы коронавирус изилденген. 

Объект АКШнын коргоо министрлигинин коркунучту азайтуу боюнча агенттиги, ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору, Франциянын Пастер институту жана башка эпидемияга каршы белгилүү институттары менен эл аралык кызматташуу программаларына киргизилген. 

Бүгүнкү күндө Казакстанда АКШнын аскеринин тапшырыгы менен 28 чакты долбоор ишке ашты. Ага жергиликтүү адистер гана эмес, АКШнын медициналык борборунун (Мэриленд), Мюнхендеги бундесвер микробиология институтунун жана Улуу Британиядагы Портон-Даундагы аскер лабораторияларынын кызматкерлери тартылган. АКШнын коркунучтарды азайтуу боюнча аскерий агенттиги (DTRA) түштүк борбордогу жабыркаган объектиден тышкары өлкөдөгү дагы беш биолабораториянын курулушун каржылады, анын ичинде Алматыдагы өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борбору (ЦООИ) жана Гвардейский шаарчасындагы биологиялык коопсуздук маселелери институту (НИИ ПББ) бар. 

Сөз кезеги келгенде айтылчу нерсе, 2025-жылы Жамбыл облусуна дагы бир биолаборатория курулат, ал эң жогорку BSL-4 коопсуздук деңгээлинде болот. Бул объект дарылоого мүмкүн болбогон эң бир коркунучтуу жана жугуштуу вирус жана бактериялар менен иштешет (!) дегенди билдирет. Коомчулуктун каршылыгына карабай, курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүткөрүлөрү айтылды. Ошентип, кооптуу объекттер Кыргызстанга өтө жакын болуп калат. 

Айта кетчү нерсе, Жамбыл облусундагы лаборатория алдына патогендик микроорганизмдердин биздин аймакка мүнөздүү болгон жергиликтүү түрүн гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү өзгөчө кооптуу инфекциялардын коллекциясын сактай турган өзгөчө зонаны түзүүгө ниеттенип жатышат. 

АКШнын коргоо министринин каржылык жана уюмдук колдоосу менен учурда постсоветтик өлкөлөрдө жыйырмадан кем эмес биологиялык лабораториялар түптөлдү. Аларды Штаттан алыс жайгаштырып, кокус авария болуп кетсе, өздөрүнүн өлкөсү жабыркабашына кепилдик беришти. Мындай шартта ар кандай даражадагы жана коркунучтагы эксперименттерди жүргүзүү психологиялык жактан оңой болот. Дагы бир нюанс бар: заманбап биологиялык курал кайсы бир геномдорду жабыркатат, демек, кайсы бир улуттагы же этностогу элге таасирин берет. КМШ өлкөлөрүндө көп улуттуу эл жашаганы аларга пайда – изилденип жаткан “материал” жанында. 

Өзбекстандын аймагында лабораториялар тармагы бар. Биринчиси Ташкентте 2007-жылы ачылган. Курулуш чыгымдарын АКШнын коркунучтарды азайтуу боюнча агенттиги толугу менен өзүнө алган. 2013-жылы Анжиян жана Ферганада экинчи класстагы дагы эки лаборатория пайда болгон. 2016-жылы Үргөнчтөгү Хорезм аймактык дарт аныктоо лабораториясы катарга кошулган. 

2010-жылы АКШ Украинага ушул сыяктуу 13 лабораториядан турган тармакты ачкан, анын катарында Мечников атындагы чумага каршы илимий-изилдөө институту бар, анда чечек, ботулизм жана сибирь жарасы изилденет. 

2012-жылы АКШ инфекциялык дарттарга мониторинг боюнча Азербейжандын коргоо министрлигинин лабораториясынын ачылышын каржылады. Бир жылдан кийин Бакунун биологиялык коопсуздугунун үчүнчү даражадагы объектисинин курулушу соңуна чыкты. Анда адамдагы жана жаныбарлардагы патогендик микроорганизмдер изилденет. 

Грузияда Тбилисинин жанындагы Вазиани авиабазасына катар Ричард Лугар атындагы коомдук саламаттык сактоо илимий борбору түзүлгөн. 2018-жылы өлкөнүн коопсуздук кызматынын мурдагы министри Игорь Георгадзе бул борбордо адамдарга жашыруун эксперименттер жасалышы мүмкүндүгүн билдирген. Алтургай мындай объектилердин биринде кандай иштер жүрүп жатканын тастыктаган документтерди көрсөткөн. Анда кеп кээ бир дары-дармектер жөнүндө болгон, бирок чынында, жергиликтүү тургундардын, америкалыктардын, кавказдыктардын жана европалыктардын биологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен денеге таасир этүүчү америкалык каражаттар изилденген.

Ошондой эле Грузия менен Түндүк Кавказдын аймагына жаныбарлар ооруй турган африкалык чочко тумоосу, геморрагиялык безгек жайылганына шек пайда болгон. Бирок инфекциянын булагын аныктоо мүмкүн эмес эле..


Бактыбек Саипбаев, врач-биохимик, иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер