Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ириген” ИИМ ОПГга алы жетпей, Кундуз Жолдубаева менен күрөшүп калды

“Ириген” ИИМ ОПГга алы жетпей, Кундуз Жолдубаева менен күрөшүп калды

12-октябрь, 14:19
1 199 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздук абалды жөнгө салуу, экстремизм, терроризмди алдын алуу, дээрлик тартипти камсыздоо менен алектениш керек. Тилекке каршы, Кашкар Жунушалиев министр болгону система өтө саясатташып, кекиртегине чейин интригага батып, коррупция гүлдөп, кедеринен кеткени ырас. Милиция кызматкерлери күн алыс пара менен кармалып, жай жарандарды көчөдөн атып, дээрлик башаламандык орун алды. ОПГ менен күрөшүү оңкосунан кетти, маселен, аз күн мурун “Казак” каймана атындагы шектүүнү кармашса, анысы формачандарды оозго алгыз сөздөр менен ашатып атат. Мына, милициянын жүзү, аброю! Мындай пастыкка “кашаң” Кашкар түшүрдү да, туурабы? Биз ИИМдеги алдыга жылууну, реформаны көрбөй атабыз. Баса, кечээ чыгаан полковник Чыныбек Алиевдин өлүмү үчүн өмүр бою түрмөгө кесилип кеткен Эркин Мамбеталиевден ИИМ жолтандабас унаа алып, абийир, “честь мундирди” тебелеп, ит болушту. Анан калса, система саясый иликтөөчү органга айланып, КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаеваны күндө суракка чакырып, эзип, ошону менен пиар жасап калды. Ал эми кой терисин жамынган ОПГлар ээн эркин жүрүшсө, аларга “кыңк” дей алышпайт. Ошон үчүн ИИМдин “ирип” кеткенин кан какшап жазып келебиз да. Айтмакчы, Кашкар Жунушалиевди министрликтен алуу боюнча Акүйдө маселе көтөрүлсө, экинчи тарабы “1-ноябрда милиция күнүн өткөзүп алсын” деп тырышып атыптыр. Эсиңерде болсо, Атамбаев президент кезинде Жунушалиев министрлик кызматынан дал ушул өздүк майрамынын алдында алынган, жөн кетпей “Крыса” деген лакап атты жабыштырып алды беле?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер