Бактыбек Жумагулов, саясый серепчи: “Кыргызстандын парламентинин өнүгүшүнө Текебаевдей саясатчылар керек”


-- Бакытбек Сатымбаевич, сиздин баамыңызда парламент кандай иштеди? Же чындап эле миссиясы бүтүп калдыбы?
-- Парламент кандай иштегенине бааны тарых, эл жана шайлоочулары берет. Эгер начар иштесе, шайлоодо эл шайлабай коёт. Бирок, биз дагы бир нерсени эске алышыбыз керек, азыркы Конституцияда депутаттардын функциялары, ыйгарым укуктары чектелген. Ошол нерсе дагы парламенттин ишмердүүлүгүнө таасир этиши толук мүмкүн...
-- Өзүн элден оолак кармаган депутаттардын бул чакырылышта кайра шайлоого барганга укугу барбы?
-- Эгер начар иштеген депутаттар кайра шайлоого аттанса, аны үгүт ишинде эң биринчи оппоненттери колдонот. Катачылыктарын санап, кемчиликтерин айтат. Кыскасы, депутаттардын жаман иштегени үгүт кампаниясында өздөрүнө каршы иштеп коюшу да мүмкүн. Бирок, “начар иштегени үчүн парламенттик шайлоого катыша албайт, талапкерлигин коё албайт” деген чектөөлөр мыйзамда жок. Начар иштесе да, жакшы иштесе дагы, келе жаткан шайлоого катышууга акысы бар.
-- Дасыккан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин акыркы кездеги аракеттери шайлоого катыша тургандай түр көрсөтө баштады. Ал чын эле депутаттыкка аттанганы турабы?
-- Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандын саясатында, тарыхында өз орду бар, күчтүү саясатчы. Беш жылдын аралыгында элчи болуп, Германияда эс алды. Кыргызстандын парламентинин өнүгүшүнө Текебаевдей саясатчылар керек. Мындай оор салмактагы депутаттар парламенттин кадырын көтөргөнгө салымын кошот деген ойдомун.
-- Алдыдагы шайлоодо эл оппозициячыл маанайдагы талапкерлерди колдойбу же бийликчил позицияны кармангандар менен акчалуулар артыкчылыкка ээ болобу?
-- “Эл оппозициялык маанайдагы же бийликчилдерди колдошу керек” деген нерсе мыйзамда жок. Баардык эле талапкерлердин программасын айтып, өз округунун маселесин көтөргөнгө конституциялык укугу бар. Айрымдарга гана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн чектөөлөр кездешет. Эл өз округунун көйгөйлүү маселелерин чечүүгө акцент кылган талапкерлерге добуш бериши мүмкүн. Ошондой эле бу сапар акча таратуу, добуш сатып алуу деген нерселер кооптуу. Мурдагыдай добуш сатып алуу кыйынчылык жаратат. Менимче, эл округдун көйгөйлөрүн чечүү боюнча программасы барларды жана буга чейин шайлоочулардын маселелерин чечүүгө аракет кылгандарды эске алат го...
"Азия Ньюс" гезити











