Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Медиктерге жүз миңден айлык коюп берүү маанилүү”


-- Улугбек Зулпукарович, саламаттык сактоо министрлиги медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн беш жыл мамлекеттик клиникаларда иштөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Бюджеттен, мамлекеттин эсебинен окуган кесип ээлери мамлекетке иштеп берүүлөрү шарт. Мамлекет каражат коротуп, “керектүү адис чыгат” деп даярдаса, анан ал окууну бүтүп эле жеке ооруканага өтүп кеткени туура эмес да. Анүстүнө азыр жаш медиктерге кошумча каражаттар каралууда, турак жайлар да бериле баштады. Баардык шарттар түзүлүүдө. Андыктан, беш жыл иштеп бергени туура эле.
-- Биздеги маалыматтар боюнча азыркы күндө ооруканаларга жети миңдей врач, ошончолук эле сандагы медайымдар жетишпейт экен. Кандай дейсиз, жогорудагы чара кадр маселесин чечүүгө жардам береби?
-- Кандайдыр бир деңгээлде жардам берет, бирок муну менен маселе толук чечилбейт. Ошондуктан мен мурдагы министр келгенде да айткам, дарыгерлердин айлыктарын көтөрүү керек. Жүз миң сомдон айлык коюп берсе, элдин баары мамлекеттик ооруканаларда иштей башташат. Бул меселени чечсе болот. Мен ойлойм, биздин бюджетте ошондой мүмкүнчүлүк бар деп.
"Азия Ньюс" гезити











