“Жаман жар”


(Даректүү баян)
Айтылуу Чаткал жергеси көптөгөн тарыхый окуяларга бай. Карт тарыхтын издерин алып жүргөн мындагы жер-суу, атайын жайлар өзүнчө изилдөөгө муктаж. Ошондой опурталдуу тарыхый окуялар жана элдин күнүмдүк жашоосун өз ичине камтыган жер – Каныш-Кыя айылындагы «Жаман жарды» айтсак болот. «Жаман жар» аталып калышынын башкы себеби, бул бизде эки жагдай менен түшүндүрүлөт. Биринчиси – аттуу, жөө адамдардын каттоосуна көп учурда өзүнүн катаал шарты менен кедерги болуп, көчмөн турмуштун кайгылуу издерин бир өзүнө көп сактагандыгы болсо, экинчи жагы, бул жерде эл ичиндеги башка дагы кандуу окуялар орун алып, ошондон улам өрөөндүн тарыхында өзгөчөлөнгөн жерлердин бири. Албетте, ал окуялар жөнүндө атайын өзүнчө сөз болууга тийиш. Биз бүгүн ушул тоолуу аймакты алыскы Аксы, Анжиян, Фергана, бери жагы Ала-Бука, Ак-Там, Терек-Сай чөлкөмү менен байланыштырып турган илгерки эски жол каттамы, ал жолдун «Жаман жар» аталган бөлүгү жөнүндө сөз кылууну туура көрүп отурабыз.
Жогоруда сөз кылгандай, бул жерден бийик жар аркылуу кан жол өтүп, асты албуут суу (Чаткал дарыясы – Б.Б.), үстү бийик жар болгону үчүн «Жаман жар» аталып, «жол азабы – көр азабы» демекчи, жергиликтүү эл бул жардын жакшылыгына караганда жамандыгын көп көргөнү үчүн (жолдун бир ат араң баткыдай тардыгынан жана асты-үстүнөн кум-таштын токтобой кулап турушунан) элдин эсинде дайым айтылып, сакталып келет. Илгери бул жолдордон атчан, жөө адам тынымсыз каттаганы үчүн мында эл эсинен чыкпаган көчмөн турмуштун издери калган. Биздин өрөөндүн эли Ала-Бука–Чакмак автожолу салынганга чейин (1955-1956-жылдар – Б.Б.) ушул эле Кара-Терек, Чанач-Сай, Түлөберди, Түз-Ашуу деген белдерди жөө-жалаң, эшек-ат менен ашып, күн кечирет. Күнүмдүк жашоо-тиричиликке зарыл болгон туз, эгин-тегин, азык-түлүк, ар кандай буюм-тайым унаага артылып, ушул жолдор аркылуу ташылып турган. Айрыкча биздин эл ашка салынган ак туз менен малга берилүүчү кара туздун (Шамшыкал тузу) азабын көп тартышкан. Буга байланыштуу ар кандай турмуш окуялары бүгүн да эл оозунда байма-бай айтылып жүрөт. Биз бүгүн ошол Кара-Теректин оозундагы “Жаман жар” (“Жаман жол” десе да болот – Б.Б.) жана анда болуп өткөн көчмөн турмуш элесинин бир үзүмү менен көпчүлүк окурмандарды тааныштырып коюуну туура көрдүк. Бул да болсо ошол биздеги өткөн заман менен азыркы күрдөөлдүү өзгөрүүлөрдүн, Чаткал өрөөнүн башка аймактар менен байланыштырып турган машина жолдорунун заманбап деңгээлде оңдолуп, илгери апталап басуучу кан жолдордун саналуу сааттарга кыскарып отурушу өзүнчө окуя, чоң айырма белгиси ушунда. Буга биздин өрөөндүн эли алыскы тоолуу райондун эртеңи үчүн тынымсыз кам көрүп жаткан азыркы бийлик органдарына, өзгөчө мамлекет жетекчилигине терең ыраазы.
“Жаман жар” деп атаса алда неден
Чочуйт жаным андайда неге десең -
Капсалаңдуу кечээки ал күндөрдүн
Качанкы бир элесин дале сезем.
Кара-Терек сай ичи эл каттаган
Кан жол болгон калайык көп таптаган.
Аксы, Анжиян базарга мал айдаса,
Аттуу, жөө адамдар, төө батпаган.
Чоң дарыя чамынып жарга урат,
Суу киргенде шатырап таштар кулап.
Жалгыз аяк жол менен жар боорунан
Жүктүү унаа, мал-жаны бирден чубайт.
“Ыя кудайлап” келме айтып, кыбырашат
“Жар көчөт” деп үн катпай, шыбырашат.
Ансыз деле чамынган суу шарынан
Кулак тунуп дүңгүрөп, баш адашат.
Андай чакта адамдын үшү кетет,
Көргөн көзгө ишенбей “түшүм” дешет.
Арткан жүгү токтобой оой берип,
Ала өгүздүн арканын улам чечет.
Жетип барып бирөөсү “оңдойм” деди,
“Ушул бойдон баары бир койбойм” деди.
Оогон жагын көтөрүп теңдегенде
Араң турган ала өгүз онтой берди.
Алка-шалка тер кетип, калтырады
Арткан жүктүн айынан кетти алы.
Арттагылар ансайын демеп келет,
“Айда! Жол бер! Болбосо алгын ары!”
Асты албуут дарыя, үстү жылма,
Жар боорунда каптал жол тар да, кыйма.
Арам өлгүр ала өгүз жатып алды,
Акыр келип адамга жабыр кылды а!
“Аңырайбай ай бала, айдасаңчы,
Азыр кулайт, аркандан кармасаңчы!”
Ал ансайын абышка чебелектейт:
“Өзү өлбөстөн бизди да жайласачы?!”.
Аңгыча эле обдулуп турам деди,
Оңкосунан сүрдүгүп кулай берди.
Жандай салган жаш жигит “жалп” эткенде
Ат кош аяк турду да, аба челди.
Азан-казан кыйкырык... ызы-чуулар,
Аял үнү озондоп, кирген суулар...
“Жаман жардан” өткөндө жашый берем,
Жыгылгандай колдогу кызыл туулар.
...“Жаман жарлар”, кан жолдор оңолууда
(Жаратылыш, байлыгың тонолууда).
Алтындан да артык деп баалай келген
Эл сөздөрү – тарыхың жоголууда...
Бакыт Баймырзаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти
"Азия Ньюс" гезити











