Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте поезд алдында калган аял каза болду
Бишкекте поезд алдында калган аял каза болду
09-февраль, 19:42


Бишкекте жүк ташыган поезддин алдында калган аял каза болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Окуя бүгүн саат 09:20да Лев Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ишкананын алдын ала маалыматы боюнча, аял рельс менен басып, поезддин берген сигналына көңүл бурган эмес. Машинист тормоз баскан, бирок окуянын алдын алууга ал дагы жардам берген эмес.
Тийиштүү экспертиза дайындалды. Компания жарандарды темир жолдо коопсуздук эрежесин сактоого чакырат.










