“Карартуу” министриби?


Билим берүү жана илим министрлигин Догдуркүл Кендирбаева жеткиликтүү башкара албай, бир тармакты экиге бөлүп тынды. Бул практика суу кечпейт. Түпкүрүндө жоопкерчиликтен качуу го? Себеби, кичинекей Кыргызстан үчүн эки министрлик ашыкча чыгымды, элдин “жонунан кайыш тилүүнү” гана айкындайт эмеспи!
Ошентип, боёсу канды. “Агартуу министрлиги” деп ачтырып алган Догдуркүл Кендирбаева мектеп реформасын жасамыш этип, 12 жылдык билим берүүнү киргизүүдө. Баягы эле Батышты туурамай. “Аты улук, супарасы курук” дегендей ишпалдасы чыгууда. Сапатка эмес, санга басым жасамай. Аныгында, өлкө боюнча мектеп, бала бакчалар жетишсиз. Бул жагынан кейиштүү көрүнүштөр коомчулукка белгилүү. Бир класста 40-50дөн балдар окушуп, билим алуу жөнгө салынбай келет. Натыйжада, кырдаал оор бойдон калууда. Догдуркүл айым “оозу менен орок оргонго” гана кыйын экен. Бирок ишинин жыйынтыгы жок. Кана, эмне кылды?
Көп сүйлөгөнүн ушундан билиңиз, жакында өлкө укмуштуудай өнүгүп атканын божурап, курулуштардын көптүгүнөн цемент түгөнүп калганын айтууда. Кичине окшоштуруп кошомат кылса болмок. А өкмөт жазда сырттан кирген цементке чектөө киргизип койгонун билбейби? Өзүнүн жумушун тыңгылыктуу алып кете албай жатып, саясатты оозанып эмне кылат? Өкүнүчтүү. Агартуу министрлиги “карартууга” айланып баратканын билбейби? Жакында окуу жылы башталат. Китеп жетишпеген сыяктуу толгон көйгөйлөр жабырайт. Өзгөчө шаар аймагын алсак, мамлекеттик мектептерге, бала бакчаларга балдар батпай атса, бул болсо жомок айтып жүрөт. Реалдуулуктан алыс, асманда...
"Азия Ньюс" гезити











