Акыркы кабарлар
» Коом » Казакстандагы башаламандыкта дагы бир кыргыз жараны каза болгону маалым болду
Казакстандагы башаламандыкта дагы бир кыргыз жараны каза болгону маалым болду
11-январь, 11:53
649 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Өлкөнүн күч органдары, тышкы иштер министрлиги жана ички иштер министрлигинен турган компетенттүү түзүмдөр тарабынан Казакстанда болгон окуяларга байланыштуу оор кырдаалга туш болгон кыргыз жарандарынын санын тактоо маселеси боюнча тийешелүү эки тараптуу байланыштар уланып жатат. 10-январдын кечинде укук коргоо органдарынын тергөө-процессуалдык иш-чараларынын жыйынтыгында башаламандык учурунда беш кыргыз жараны кармалып, эки кыргызстандык каза болгондугу аныкталды. Алардын жакындары менен байланышуу жүргүзүлдү.
Бөлүшүү: