Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таттыбүбү Эргешбаева: “БШК легитимдүүлүккө шек келтирип, эл ишенимин азайтып алууда”

Таттыбүбү Эргешбаева: “БШК легитимдүүлүккө шек келтирип, эл ишенимин азайтып алууда”

27-декабрь, 16:08
1 053 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аялдарга квота берүү көйгөйгө айланып кетти. Жанар Акаев менен Токтобүбү Оргалчанын ортосундагы мандат бир топ түкшүмөлдөрдү жаратты. Юрист катары бул абалга кандай пикирдесиң?

-- Депуттарды шайлай турган конституциялык мыйзамда кантип, кандай эрежелерди колдонуп мандаттар бөлүнөрү тууралуу толугу менен көрсөтүлгөн. Партиялык тизмеге 54 мандат гана кирет, 90 депутатка салыштырмалуу караганда бул 18%ды түзөт. Себеби, 36сы бир мандаттуу система менен кетип жатат. 

Партиялар өз тизмесин түзүп жатканда ар бир төртүнчү тизмеде аял киши турушу шарт. “Партиялар парламентке өткөндөн кийин 54 мандаттын ичинен 18и аял кишилер болушу керек” деген мыйзамда так айтылган нерсе бар. Бирок, ар бир партиядан мандаттар бөлүнүп жатканда башкача болуп бөлүнүп калышы ыктымал. Бизде азыр алты фракция өттү. Ошол алтоо 5% босогодон өткөн партиялар. Ошолордун ичинен 30%ы айымдарга берилиши керек. Ошонун эрежеси БШК мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат. Минималдуу түрдө 30% деген норма бар. Азыр 19 айым депутат шайланды. Кааласа 20-30 болуп кете берет. Сандын жогорулашына чектөө жок. Менин баамымда, бул мыйзамды БШК мүчөлөрү 28-ноябрдан кийин, б.а. шайлоо мөөнөтү бүткөндөн соң кабыл алып жатышат. Муну менен бирге легитимдүүлүккө шек келтирип, эл ишенимин азайтып алууда. Бул мыйзамды БШК мүчөлөрү кабыл алууга укуктары бар, бирок 28-ноябрга чейин баары туура иштелип чыгышы шарт эле. Ошонун жыйынтыгында партиялар арасында эч кандай талаш-тартыштар орун алмак эмес. 

Кейиштүүсү, Жанар Акаев менен Токтобүбү Оргалчанын ортосундагы абал. Эң башында Токтобүбу Оргалчанын ордунда башка эле аял кандидат болуп калышы мүмкүн эле. Бул Жанар Акаев менен Токтобүбү Оргалчанын ортосундагы маселе эмес. БШК тарабынан аныкталган процедура. Бул жерде аял депутатка жана эркек депутатка бериле турганын аныктоочу система. Дагы бир партия беш мандат алышты. Экинчи партия да 7 мандат алды. Эмнеге аларга аялдар үчүн бул жерде үч орун берилгени түшүнүксүз. Бул система БШК тарабынан тастыкталган эрежелер. Бирок канчалык деңгээлде туура же туура эмес экендигин тактап туруп, сот алдында жооп беришсин. Токтобүбү Оргалча үчүн эмес, БШКнын чечимдери үчүн. БШКнын туура эмес же туура кабыл алынган чечими боюнча сотко кайрыла алат. Сот аны өзү чечет. Эгерде бул чечим туура эмес болсо, анда БШК мүчөлөрүнүн чечимдери жокко чыгарылат дагы, Жанар Акаевге мандат кайтарылып берилет. Эгер БШКнын чечими туура чыкса, анда Оргалчага же андан башка айымга мандат берилет. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер