Пластикалык операция жасаткан аял каза болду
Алматылык 59 жаштагы аял бетин тарттыруу максатында жасаткан пластикалык операциядан кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, окуя Каскелен шаарындагы жеке клиникалардын биринде болгон. Буга чейин аял ал ооруканага кайрылып жүргөндүктөн, дарыгерлерине толук ишенген. "Аялдын ден соолугу анча жакшы болбогондуктан, балдары операциядан баш тартуусун суранышкан. Бирок аял тобокелдикке салып, сулуулукту тандаган. Тилекке каршы, операция учурунда комага түшүп, андан соң жүрөгү токтоп калган" деп айтылат маалыматта.
Бул окуяны териштирүү учурунда дарыгерлер аялдан тийешелүү анализдерди албай туруп операция жасашканы белгилүү болду. Ошондой эле операцияны жасаган хирургдун жана клиниканын мындай ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берген кагаздары да жок болуп чыккан.
Aryba.kg