Саясый күчтөр күздөгү күрөшкө даярданышууда, алдын алса болобу?


Президенттик аппарат абройлуу коомдук ишмерлерди тартып, элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жолун табышы зарыл. Себеби, аймактарда ар кандай жергиликтүү лидерлердин тымызын сүйлөшүүлөрү күчөп, күзгү шайлоого курал катары азгырылышары арсар эмеспи? Аламандан кийин “чыйрыккан” күчтөр, камалган саясатчылардын тарапташтары, дээрлик бийликке нааразы катмарлардын чыңалышары ыраспы? Бул жагынан түрдүү божомолдор айтылууда. Андыктан, элибизди ынтымакка чакыруу менен баардыгы сүйлөшүү жолунда чечилсе. Айрым оппозициячыл лидерлерди кызматташууга чакыруу да ашыктык кылбайт. Кыскасы, ыркы кетчүдөй коомчулукту алдын ала жайгарууга ашыгып, убакыттан уттурбаш керек. Учурда биздин чөйрөбүз сынтакмайга, дегеле эч кимди жактырбаган ээн ооздукка алдырып бараткандай. Жалпы атмосфераны өзгөртүүгө мезгил келди. Жолдору деле бар. Мурдагы бийликтердин катачылыктарынан бийик туруп, арканды алыс ыргытышса не?..
"Азия Ньюс" гезити